Элет жериндеги бала- бакчаларда эрежелер сакталуудабы

27 Сентябрь 2020 жыл 20:15
Количество просмотров: 46

Элет жеринде бала- бакчалардын ачылуусу эӊ маанилүү. Себеби, балдар ал жактан мектепке чейинки даярдыктардан ѳтүп мектеп босогосун аттоого даяр болушат. Үстүбүздѳгү жылдын март айынан баштап, пандемияга каршы карантин киргизилген учурда баардык бала бакчалар жабылып, онлайн сабак окууга ѳтүшкѳн.

 

Бул жылдагы жаӊы окуу жылы дагы онлайн түрүндѳ башталды. Барскоон айылынын тургуну Айгүл Адылованын бир кыз, бир баласы бала бакчада тарбияланып келет. Айгүл айымдын айтымында бала бакчадагы балдардын аралыктан окуу учуру ар-бир ата энеге тоскоолдук жаратып жатканын баса белгилеп ѳттү.

«Менин кызым менен уулум бала бакчага барышчы. Уулум башталгыч класска барып, кызым жогорку тайпага которулду. Негизинен балдардын бала бакчаларда эле билим алуусу жакшы экен. Үйдѳ үч балам бар болгондуктан, ар бирин сабак окутуу кыйынга турууда. Үчөөнүн сабагы бир учурга туш келип калат, же биз оокат менен алек болуп аларды окута албай калып жатабыз. Кээде интернет да кѳйгѳй жаратууда. Бул апаат толугу менен кетсе балдардын бакчага барып эле окуганы жакшы экен. Анткени кѳбүрѳѳк учур мугалимдердин кѳзѳмѳлүндѳ болуп сабакты да калтырбай окушат экен».

Барскоон айылынын мектепке чейинки билим берүү уюмунун жогорку тайпасынын тарбиячысы Роза Бекешова аралыктан окутууда балдардын билим деӊгээли үй-бүлѳдѳгү түзүлгѳн шартка, интернеттин жетиштүүлүгүнѳ, үй-бүлѳдѳгү мектеп жашындагы балдардын санына жараша иш алып барып жаткандарын билдирди.

Роза Бекешова- тарбиячы

«Биздин уюумда тѳрт тапа бар эки жогорку тайпа, ортонку тайпа жана кенже тайпа. Эртеӊ менен ар бир тайпага жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша сабактарды вотсап аркылуу жѳнѳтѳбүз. Сабактар жѳнѳтүлгѳндѳн кийин балдар ѳз мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жараша кайра кайтарым байланышка чыгып турушат. Негизинен аралыктан окуу учурунда деле ар бир ата-эне балдарынын жоопкерчиликтерин алып, балдарды сабактан калтырбай окутууга аракет кылып жатышат. Негизинен кѳпчүлүк ата-эне бала бакча тезинен ачылса экен деген ойлорун айтууда. Биз деле балдарды сагындык, карантин бүтсѳ балдар менен чогуу бала бакчада окуйбуз деген жакшы ой тилегибиз бар».

Карантин учурунда аралыктан окутуу учурунун жакшы жагы да, жаман жагы да бар экенин айыл тургуну Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюумунун ортоӊку тайпасынын тарбиячысы Майрамкүл Садыбакасова айта кетти:

«Бул учурдун жакшы жагы балдар ата-энелери менен чогуу болуп ортодогу байланыштары күчѳйт,үйдѳ болуу менен оору жугузуп алуу коркунучунан алыс болушат, ал эми жаман жагы болсо сотка, компьютер, заманбап техникалардан алыстатуу аракетибиздин четтке калып жатканы»,- деп билдирди.

Майрамкүл Садыбакасова тарбиячы

«Аралыктан окуу менен бала бакчадан окутуунун ортосунда чоӊ айырмачылыктар бар. Аралыктан оуутуу учуру да кѳпчүлүк ата-эненин мектеп курагындагы балдары бар. Чоӊ кыздар балдар ѳз сабактарын окуу менен алек болушат да, бала бакчага барчуу балдар каралбай калат. Менин оюумча бала бакчага келген учур эле жакшы деп эсептейм. Себеби, балдар кечке биздин кѳзѳмѳлдѳ болушат. Убагы менен сабак окушат, тамактарын убагында ичишет. Сааты менен ойношот жана уктап эс алышат. Карантин учуру жалгыз эле бала бакчаларга эмес бардык окуу мекемелерине абдан тоскоолдук жаратууда деп ойлойм».

 

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь