Кочкор районунун Чолпон айылындагы “Бүчүр” бала бакчасы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кандай тартипте иш алып барууда?
Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Таалайкүл Садыбакасова төмөнкүлөрдү билдирди:
”Быйылкы жылдын 24-мартынан баштап, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бала-бакча карантинге жабылган. Апрель, май айлары аралыктан иш алып бардык. Андан кийин балдар эс алууга чыгышты. Сентябрь айынан тартып, кайрадан аралыктан иштөөгө өттүк. Бала-бакчалар кадимки тартипке качан иш алып барары белгисиз. Бардыгы өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды”.
Бала бакчадагы тарбиячы Сезим Жеңишова буларга токтолду:
“Бала-бакчадагы бөбөктөрдү аралыктан окутуу бир топ эле кыйын иш экен. Телефондон “WhatsApp” соц тармагы аркылуу атайын ата-энелер менен биргеликте топ түзүлгөн. Ал топтон бөбөктөргө тапшырмалар берилип жатты. Бирок талапты катуу койгон жокпуз. Анткени окуучулар дагы аралыктан окугандыгына байланыштуу үй-бүлөдө телефон тартыштыгы жаралып жатты. Ата-энелерге эле кыйын болуп калат экен. Анын үстүнө мектеп жашына жете элек курактагы балдарга телефондун пайдасы деле жок.”
Бала- бакчалардагы балдар да онлайн окууга дуушар
Перизат Таштанова