Интернетсиз айылда мугалимдер үйлөргө барууга дуушар

30 Сентябрь 2020 жыл 15:46
Количество просмотров: 72

Өлкөбүздө болуп жаткан акыркы пандемия кырдаалына байданыштуу, жаны окуу жылы аралыктан окутуу менен башталды. Ал эми Суусамыр айыл аймагынын интернет тартпаган Кызыл- Ой айылында мугалимдер окуучулардын үйлөрүнө барууга дуушар.

Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектеби

Бул тууралуу Түркмөн атындагы орто мектебинин мүдүрү Гулмира Султанова мындай деди:

«Кызыл Ой айылында жалпысынан 158 мектеп окуучусу аралыктан билим алып жатат. Биздин айылда интернет жок болгондугуна байланыштуу, окуучулар сыналгыдан телесабактарды көрүп, жогорку класстагы окуучулар менен кайтарым байланыш болуп жатат. Ал эми башталгыч класс окуучуларынын, ата-энесинин чакыруулары менен мугалимдер жумасына бир жолу үйлөрүнө барып, санитардык тартипти сактап, бештен окуучуга сабак өтүлүп жатат.»

6-классынын окуучусу Бузурман Сатыбалдиев аралыктан окутуу жагып жатканын айтты:

«Мага аралыктан окутуу жагып жатат, биз телесабактарды көрүп, тапшырмаларды аткарып жатабыз, бардыгы эле түшүнүктүү. Мугалимдер бизден тез-тез кабар алып турушат. Бул илдеттен эртерээк кутулуп, мектепке барып татыктуу билим алсак»,-дейт ал.

Ал эми Кызыл-Ой айылдык кеңешинин депутаты Стал Кулуев жакынкы убакыттан тарта интернет коюу аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады:

«Аралыктан окутуу элет айылдарында эле эмес бүткүл дүйнөлук билим деңгээлди алсыздандырып жатат. Ал эми интернеттин жоктугунан бир гана мектеп окуучулар түйшүк тартып жаткан жок. Айылдагы студенттер да аралыктан билим алууда кыйналып жатышат. Бул кырдаалдан чыгуу максатында, Кызыл-Ой айылына интернет коюу маселеси көтөрүлүп, атайын интернет коюучу фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,- деп билдирди.

 

Айдана Токтобекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь