Суусамыр айылдык ооруканадагы абал кандай?

30 Сентябрь 2020 жыл 16:47
Количество просмотров: 45

Кайрадан Кыргызстанда covid-19 жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал эми Суусамыр айылдык ооруканда абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу кислород апараттар жетиштүү.

Бул тууралуу Суусамыр айылдык жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Арзымат Шейшеев билдирди:

Суусамыр айылдык жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Арзымат Шейшеев

«Азыркы учурда Сovid-19 менен катталгандар жок. Пандемия учурунда Суусамыр айылдык ооруканага кол сунган адамдар көп болду. Ошондуктан, экинчи толкун болуп калса дары-дармектер жетиштүү. Ал эми 28 дем алдыруучу кислород апараттары бар. Бирок бардык кырдаалга даяр болушубуз керек. Бизге кайрылган, ковидке шек жараткан адамдар текшерилип, анализдери таза чыгып жатат. Пандемиядан кийин Суусамыр айылдык ооруканада абал туруктуу».

Буга улай эле мед айым Назгүл Кадыркулова кичинекей балдардан Сovid-19 вирусу катталбагандыгын айтып өттү:

Суусамыр айылдык оорукананын мед айымы Назгүл Кадыркулова

«Азыркы учурда Сovid-19 вирусу түп- тамыры менен жок болуп кеткен жок. Буга карабастан, карапайым эл башынан эмне өткөнүн бат эле унутта калтыргандай. Элге кайрыларым, көпчүлүк топтолгон жерде аралыкты сакташып, бир жолу колдонулуучу беткап жана колкап кийип жүрүүсүнө чакырам. Ал эми Суусамыр айылдык ооруканага кичинекей балдар covid-19 вирусу менен катталгандар болгон жок».

Ал эми айыл тургуну Бактыбүбү Бакаева калктын бир жолу колдонулуучу беткаптан көңүлдөрү калганын айтат:

Суусамыр айылынын тургуну Бактыбүбү Бакаева

«Чындыгында, элдер беткап тагынып жүргөндөн тажагандай эле болушту. Анын үстүндө Суусамыр жергесинде абал туруктуу. Бет кап тагынбасак дагы, санитардык тартипти кармап жатабыз. Суусамыр тоолуу аймак болгондуктан, элдер кымыз, эт жеп эле өз ден- соолуктарын чындап жатышат».

Пандемиянын экинчи толкунуна ооруканада даярдыктар барбы
Айдана Токтобекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь