“Пандемия учурунда бир дагы адам кырдаалга кайдыгер карап тура алган жок”

30 Сентябрь 2020 жыл 17:21
Количество просмотров: 44

Дүйнө жүзүнө кулачын кенен жайган “Коронавирус” илдетинин айынан көпчүлүк адамдар запкы жеди. Өзгөчө июль айынын ортолорунда ооругандардын саны кескин күчөп, медицина тармагында көптөгөн кыйынчылыктарды туудурду. Кыйын кырдаалда жардамга кол сунган ыктыярчылар оор абалдан чыгууга көмөк көрсөтүштү.

Жардамга кол сунган ыктыярчылардын катарын Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну Адил Жумаалы уулу толуктаган.

Ыктыярчылардын бири Адил Жумаалы уулу

“Баарыбызга белгилүү быйылкы жылы башыбыздан оор сыноону кечирдик. Пандемия учурунда бир топ эле кыйын күндөрдү өткөрдүк. Эл катары биз дагы колубуздан келген жардамыбызды бердик. Илдет күчөп турган мезгилде бир гана ыктыярчылар эмес, бардык эле айыл тургундары кайдыгер карап тура алган жок.

Ар бир тургун колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышты. Бир эле айылдагы тургундар эмес, чет өлкөдө иштеп жүргөн айылдаштарыбыз дагы акча каражат жагынан көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле чоң адамдар эле эмес, мектепте окуган окуучуларыбыз дагы, чогулткан тыйындарынан бери алып келип бизге өткөрүп жатышты.

Ошондой эле, атайын “ЭЛСОМ” мобилдик тиркемеси аркылуу айылыбыздын атынан эсеп ачылган. Айыл тургундары, чет жерде жүргөн мекендештерибиз дагы колунан келген акча каражатын которушту. Ошентип кыска убакыттын ичинде 100 миң сом акча каражаты чогулган. Чогулган акчага айылыбыздагы ФАП жана ГСВ филиалдарына жетишпеген дары-дармектер, керектүү буюмдар алып берилди.

Карантиндин башында элдер санитардык эрежелерге анчейин көңүл бөлбөй жатышкан, кырдаал курчуганда өздөрү эле карантиндин эрежелерин так аткарып жатышты.»

«ЭЛСОМ» аркылуу чогултулган акча каражатына алынган дары-дармектерди, керектүү буюм-тайымдарды тапшыруу учурунда

 

Кырдаал күчөп турган кезде эң керектүү, зарыл болгон дарылар алынып келинген

 

Берилген дары-дармектер менен айыл тургундары акысыз дарыланышкан

Айылда санитардык эрежелер сакталбай калды…
 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь