Бала- бакча тарбиячылары аралыктан окуу балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берерин айтышты

30 Сентябрь 2020 жыл 17:05
Количество просмотров: 37

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө да бала бакчалар аралыктан окуп, балдарга тарбия берип жатышат. «Наристе балалык таңы» балдар бакчасында жалпы 90 бала тарбия алат. Алар жогорку, ортоңку жана кичине тайпа болуп бөлүнөт. Аралыктан окууда сыналгыдан Баластан каналынан көрсөтүлгөн теле сабактарды көрүшөт жана балдардан кайтарым байланыш алышып турат.

«Наристе балалык таңы» балдар бакчасынын жетекчиси Абдурахманова Замиранын маалымат берип жаткан учуру

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Наристе балалык таңы» балдар бакчасынын жетекчиси Абдурахманова Замиранын билдирүүсундө:

«Республиканын бардык аймактарында COVID 19 вирусун жайылуусуну бөгөт коюу максатында киргизилген карантинге байланыштуу биздин бала бакча да ишин аралыктан улантып жатабыз. Учурда бала бакчада 90 бала тарбияланып, аларга 4 тарбиячы жана 3 жардамчы тарбиячылар 1 музыка жана орус тили мугалимдери иштеп жатышат. Аралыктан окууда негизинен ата энелердин жардамы  менен кол телефондор аркылуу сабак өтүлүп, сыналгыдан теле сабактарды көрүп, аралыктан кайтарым байланыш алып жатышат.

Бирок айрым учурларда кыйынчылыктар болуп жатат. Себеби, жаш ата-энелердин балдары балдарын сабакка катыштырып, ал эми жашы улгайган ата-энелер балдардын сабагына көңүл бөлүүсү солгун болуп жатат. Эң бир чон көйгөйлөрдүн бири телефондорунун жетишсиздиги. Ата-энелер мектеп окуучуларына көбүрөөк маани берип, бала- бакчадагы балдарына кичине деп аз көңүл бөлгөн учурлар да болуп жатышат», -деп билдирди.

«Наристе балалык таңы» бала бакчасынын жетекчиси Абдурахманова Замиранын маалымат берип жаткан учуру

«Наристе балалык таңы» бала бакчасынын тарбиячысы Жолдошбаева Мөөркандын маалыматына караганда:

«Биз балдар бала бакчага келбесе да сабактарды жумуш орунда кылууну туура деп, бала бакчага келип сабак өтүп кетип жатабыз. Негизинен балдарга билим берүүдө традициялык окуу менен  аралыктан окутуунун айырмасы өтө чоң. Себеби, балдар традициялык окууда бири бирин корүп угуп да көп нерсени алышат.

Андан сырткары, да тарбиячылар  менен баарлашууда  кенен убакыт болгондуктан аларга түшүндүрүү жеңил болот эле. Видео сабактарды, мультфилимдерди жөнөтүп турабыз. Кеп өстүрүү, ийлеп чаптоо, жөнөкөй математика, дене тарбия, музыка, сүрөт сабактары өтүлүп жатат. Бизде азыр айыл жеринде телефон жетишсиздиги сабак өтүүдө кыйынчылыктарды жаратат. Ата-энелер талаа жумуштары менен алек болушуп, балдарга азыраак көңүл бөлүп жаткандыгы», -деп билдирди.

«Наристе балалык таңы» балдар бакчасынын тарбиячысы Жолдошбаева Мөөркандын маалымат берип жаткан учуру

Элеттеги бала-бакчалардын иши кандай тартипте жүрүп жатат?
Таңнуру Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь