Өлкөдө карантин алынганы менен “коронавирус” илдети жок болуп кеткен жок. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды так аткаруусу зарыл. Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы деген суроо менен айыл тургундарына кайрылдык.
Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну Мээрим Касымова буларга токтолду:
“Билим берүү борборлорунда, мамлекеттик мекемелерде, санитардык талаптар сакталып жатат. Ар бир үй-бүлө өздөрүнүн ден-соолугу үчүн кам көрүүнү абдан эле жакшы билип калышты. Ал эми көчөдө санитардык эрежелер аткарылган жок. Бет кап кийүү, кол алышып учурашпоо, аралыкты сактоо режимдери айыл арасындагы адамдарда сакталган жок”.
Мээрим Касымова
Айыл тургуну Чолпон Сыдыкова: “Пандемия учурунда көп кыйынчылыктарды көрдүк. Эми кайрадан ал кыйынчылыктар кайталанбашы үчүн, ар бир адам өзүн-өзү колго алып, эрежелерди так аткаруусу абзел. Оорунун учкуну бир аз басаңдаса эле кайрадан көр тиричиликке аралашып, санитардык эрежелерди сактоону унутуп койдук. Илдет толугу менен жок боло элек, тескерисинче күчөп жатат. Жалпы элди чакырат элем, өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн кайдыгер карабай санитардык талаптарды так аткаралы”.
Чолпон Сыдыкова
Айыл тургуну Жакшылык Дүйшөнбеков буларга токтолду: “Оорунун очогу күч алып турган кезде, ар бир адам айттырбай эле, өздөрү санитардык талаптарды так аткарып жатышкан. Ал эми оорунун учкуну бир аз басаңдагандан бери, элдердин арасында санитардык талаптарды аткаруу керектиги эстен чыгууда. Негизгиси ар бир адам өзүнүн саламаттыгы үчүн кам көрүшү керек.”
Жакшылык Дүйшөнбеков
Перизат Таштанова