Медайым: «Пандемиядан кийин ден- соолугум калыбына келе элек»

7 Октябрь 2020 жыл 13:02
Количество просмотров: 54

Суусамыр айыл аймагынын 153 чакырымында жайгашкан, жол кырсыгын көзөмөлдөөчү тез жардам бөлүмүнүн медайымы Алмаш Сыдыкова, иш убактысында ооруга чалдыккан. Азыркыга чейин ден-соолугу калыбына келбей жатканын айтат.

Суусамыр айыл аймагынын 153 чакырымында жайгашкан, жол кырсыгын көзөмөлдөөчү тез жардам бөлүмүнүн медайымы Алмаш Сыдыкова

 

Бардык эрежелерди сактап эле иштеп жатканбыз…

Пандемия күчөп турган убакта жумушта иш үстүндө болдум. Бардыгына санитардык эрежелерди, аралыкты сактап, колдон келген жардамыбызды берип жаттык.
Ошол кезекте ооруп кайрылган адамдардын көздөрүнөн кыйналып жаткандыгы, барып жакшы сөз айтып ийне сайып койсо эле айыгып кетчүдөй сезишет. Бирок бул кырдаалга көп өтпөй өзүм кабылдым.
Эки күн, эки жактуу пневмония аныктамасы менен Суусамыр ооруканасында дарыландым. Абалым оорлоп бара жатканда тез жардам менен райондук ооруканага жеткирилдим.
Дене табым көтөрүлүп, кан түкүрүп, дем алуум начарлап, муунум калтырап кийим кийгенге алым жетпей калат экен. Көзүң дарыгерледен өтүп, дарыгерлер карап жакшы сөз айтып койсо эле айыгып кетчүдөй сезилет.

Кошумча акча төлөнгөн жок…

Дары-дармектер жетишсиз «Гепарин,Клексан» Кыргызстан боюнча жок да болуп жатты. Дарыгерлер жазып берген дарылар табылбайт, болсо кымбат. Жан айласы кылып канчалык кымбат болсо дагы алганга муктажбыз.
14 күн райондук ооруканада дарылангандан кийин, 50% пневмония аныктамасы менен үй карантинине алындым. Азыркы күнгө чейин ден- соолугум жакшыра элек. Иш убактысында ооруга чалдыккан мед кызматкелерине өкмөт тарабынан компенсация төлөнөт дешкен. Бирок эч кандай каражат берилген жок.

 

Бул оору менин жашоомо чоң таасирин тийгизди…

Азыркы учурда өз иммунитетимди чыңдап жатам. Пандемия мага жашоодо чоң таасирин тийгизди, ден- соолуктун кадырын билүүгө үйрөттү.
Ооруп жатканда чүнчүп кетпей, жакшы нерседен ниет кылсаң айыгасың деп ойлойм. Башкача айтканда өзүңдү моралдык жактан даярдоо, эң чоң таасирин тийгизет.

Карантин Кыргызстандын билим деңгээлине, экономикасына чоң таасирин тийгизди.
Өлкөбүз орду толгус чоң жоготууга учурады. Бирок абал күндөн-күнгө туруктуураак, жакшы нерседен үмүтүбүздү үзбөйлү.

Алмаш Сыдыкова азыркы учурда жумуш ордуна чыгап, кайрадан медайым кызматын аткарып жатат.

 

Айдана Токтобекова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь