Сovid-19 илдети жаш балдарга кандай таасир тийгизип жатат?

22 Октябрь 2020 жыл 10:08
Количество просмотров: 60

Учурда айыл жеринде жаш балдардын абалы кандай? Пандемия учуру балдарга кандай таасир тийгизди? Азыркы учурда алардын саламаттыгы кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Барскоон айыл аймагындагы абал менен тааныштык.


Жер-жерлерде 2020-жылдын март айынан баштап Сovid-19 илдети күч алып бардык аймактар карантинге жабылган. Бул илдет менен учурунда ѳспүрүм жаш балдар ооруган жок. Бирок, илдеттин экинчи толкуну күч алууда деген маалымат желдей тарап элдин үрѳйү кайра учууда. Пандемиянын экинчи учурунда балдар да ооруйт деген маалымат бар. Бул боюнча Барскоон айылдык үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Кенже Тайлакова менен маек кылдык.

Барскоон айылдык үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Кенже Тайлакова

— Учурда аймактагы балдардын саламаттыгы кандай?
— Элет жеринде пандемия башталгандан тарта ѳспүрүм жаш балдар катталган жок деп айта алам. Бул учурда чоң адамдар гана оорушту. Алардын кѳпчүлүгү деле кант диабети, жүрѳк оорусу, иммунитети тѳмѳн адамдар илдетке кѳбүрѳѳк чалдыгышты. Март жаз айлары болгондуктан абаа алмашуу мезгили болуп кѳпчүлүгү ооруду. Бүгүнкү күнгѳ карата жаш балдар арасында Сovid-19 илдетинен жабыркаган жок.

— Жаш балдардын саламаттыгын сактоо үчүн кандай чаралар кѳрүлдү?

Учурда Кенже айым жаш балдардын саламаттыгын текшерүүдѳ

— Ар бир тѳрѳлгѳн ымыркайдан баштап пландалган эмдѳѳ ваксиналарды убагы менен куюп турдук. Жакынкы арада эле кѳп ооруган балдарга «сасык тумоонун алдын алуу» деген ваксина жасалды.Мындан тышкары мектеп жашындагы ар бир баланы пландалган текшерүүдѳн ѳткѳрүп, саламттыктары текшерилди.

— Пандемия учурунда кош бойлуу энелердин жана ымыркай балдардын абалдары кандай болду?
— Карантин учурунда кош бойлуу энелердин жана ымыркайлардын саламаттыктарын үй шартында текшерүугѳ туура келди. Үч күн сайын барып абалдарын текшерип турдук. Болгону кош бойлуу эненин бирѳсү гана илдетке чалдыгып, аны тез жардам менен райондук оруканага жеткирип эне-бала экѳнүн тең ѳмүрлѳрүнѳ коркунуч жаралган жок.
— Бүгүнкү күндѳ жаш балдар кандай илдеттерден жабыркап келишет?

Тамагы ооруп келген жаш кызды кароо учуру

-Азыр күз айлары болуп калгандыктан аба алмашкан учур. Күн сууктап калгандыгына байланыштуу сасык тумоо, тамак оору, ич ѳткѳк илдеттери кѳп кездешүүдѳ. Сасык тумоону ѳтүштүрүп жиберген учурлар да катталууда. Ал учурда бала ѳпкѳнүн сезгениши менен жабыркап келет. биз азыркы учурда колубздан келишинче дарылоого аракет кылуудабыз.

— Сovid-19 илдетинин экинчи толкуну балдарга да залакасын тийгизиши мүмкүнбү?
— Сovid-19 илдети баардык адамдарга эле залакасын тийгизет деп ойлойм. Андыктан ар бир жаран ѳз ден-соолугунуна кам кѳрү ирээтинде бет каптарды туура пайдалануу жана санитардык эпидемиялык эрежелерди толук сактаса дейт элем. Бул илдет эски ооруларды биринчи орунда козгоп келет. андан тышкары суук тийип же сасык тумоо болгон жарандар үй шартында ѳздѳрү дарыланып жатып алышып, качан күчѳп кеткенде келип жатышканы ѳкүнүчтүү болууда.

— Жергиликтүү тургундарга кандай сунуш айтат элеңиз?
— Биринчи ирээт эрежени сактоого чакырат элем. Бет капты туура пайдаланышса дейт эле. Себеби, бир эле бет капты кѳп күн боюу кийип жүрүп алышууда. Аны да жууп-тазалап, үтүктѳп туруу зарылчылыгы бар. Мындан тышкары, элдер кѳп топтолгон жерге барбоо керек. Саламдашып, кучакташып, ѳбүшүп учурашпоо абдан маанилүү. Балдарды оорутпаганга аракет жасоо керек.

Учурда аймактагы жаш балдардын саламаттыгы кандай?

 

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь