Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, айрым класстарга оффлайн окутуу үчүн уруксат берилген.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин мектеп директору Замира Нурдинова мектепке келбей онлайн окууну уланткып жаткан окуучулар дагы бар. Бирок, көпчүлүк окуучулар салттуу түрдө мектепке келип окуп жатышканын айтат:
2020-2021- окуу жылында COVID-19 вирусунун жайылуусунун алдын алуу максатында быйылкы окуу жыл Билим берүү жана илим министрлигин буйругу менен 1-класстардан башка класстар онлайн тартипте окуп жатышкан. Министрлик тарабынан иштелип чыккан нускаманын жана алгоритмдин негизинде Ноокат райондук Билим берүү тарабынан жана Кулатов айыл өкмөтүнүн уруксаты менен 16-ноябрь күнү 1-5-9-11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуй башташты.
Алгоритмде жазылгандай, окуучулардын саны 30 дан жогору болсо класс экиге бөлүнүп, эки сменада 20 мүнөттөн окушат. Ата-энелер балдарына жеке антисептик, бет кап, менен камсыз кылып беришип жатышат.
Андан сырткары, демөөрчүлүк кылып, класстар үчүн антисептикалык каражаттар, хлор суу кую үчүн чакаларды, кол жуучу буюмдарды, самын, суюк самындарды, хлор жана тепловизор алып беришти. Андан сырткары айыл өкмөт тарабынан тепловизор алынып берилди.
Күнүнө эрте менен балдардын дене табы текшерилип, аралыкты сактоо менен, бет кап менен балдар сабакка киришет. Балдардын аралыкты сактоосун көзөмөлдөө үчүн комиссиялык топ түзүлүп, иш алып барып жатышат. Учурда абал туруктуу. Балдар мектепке келип окугандан бери дене табы жогору бала болгон жок. Атайын каттоо үчүн журнал ачылып, келбей калган окуучулардын себебин аныктап, райондук билим берүү бөлүмүнө жана айыл өкмөткө күнүнө окуучулардын катышуусу боюнча билдирүү берип жатабыз.
Учурда 251 окуучу окуп жатат. 8 окуучу онлайн тартибинде окуп жатышат. Кааналар ар бир танапис сайын желдетилип, эшиктердин кармагычтары хлор аралашмасы менен аарчылып канаалар бир, эки жолу жууп тазалап, тех кызматкерлер да санитардык эрежелерди сактап жатышат.
Окуучулар колдорун бат- баттан жууп туруу үчүн бардык шарттар каралган. Кааналар жылуу окуганга ыңгайлуу. Окуучулар шахмат тартибинде отурушуп билим алып жатышат.
5-класстын окуучусу Кубаталиева Даткайымдын айтуусунда мектепке келип окуганды аябай сагынгандыгын билдирди:
«Досторум менен бирге билим алуу абдан жакшы экендигин билдим. Мен мектептин кайра жабылып, аралыктан окууну каалабаймын»,- деп ой бөлүштү.
Башталгыч класстын окуучулары онлайн окуу лагерине катышышты
Таңнуру Жалалова