Коронавирус илдетинин биринчи толкунунан тартып, карантиндик абалда жашаганыбызга 9 айдын жүзү болду. Учурда дагы өлкөбүз оор мезгилди экинчи толкунду баштан кечирүүдө. Карантин мезгили, оору запкысы адамдардын аң сезимине дагы терс таасирин тийгизүүдө. Себеби, бул учурда аялдарга болгон зордук зомбулуктун көбөйгөнү байкалды.
«2020-жылдын 10 ай аралыгында аялдардын зордук зомбулукка дуушар болгону тууралуу 144 факты катталды, бул былтыркы жылга салыштырганда 33 учурга көп дегендик. Катталган зордук зомбулук фактыларынын ичинеен 56 иш өндүрүштөн кыскартылган», -деп маалымат берди Талас облустук ички иштер башкармалыгынын пресс катчысы, ага инспектор Динара Сарногоева.
«Аялзат» бей өкмөт уюмун жетекчиси Зарина Турукманова быйыл үй- бүлөлүк зордук- зомбулукка кабылган аялдардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйгөнүн, буга карантиндик абалда үйдө олтурган адамдардын психологиялык абалы түрткү бергенин белгилеп өттү.
«Аялзаты аздектей турган жан. Аялзатын канчалык кадырлап мээримге бөлөсөк бизге акылдуу, дени сак уул-кыздарды төрөп берип, тукумубузду улайт. Бирок азыр жаш балдар арасында жаман адат жайылып, келинчегин жолдошторунун көзүнчө кордоп, «мына мен ушинтип аялымды башкарам» деп чоң муштум болгондор көбөйгөнү кейиштүү көрүнүш. Келинчекти сыйласаң сый көрөсүң. Ислам дининде аялзатына өтө аяр, жылуу мамиле жасалуусу айтылган», -дейт Талас өрөөнүнө таанымал диний ишмер Медер ажы Сагымбаев.
Талас: Ак халатчандарга камкордук
Мира Сейдикеримова