Жергиликтүү бийлик калктын аярлуу катмарына жардам берүүдө

3 Декабрь 2020 жыл 8:29
Количество просмотров: 56

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтү калктын аз камсыз болгон катмарына айыл өкмөттүн бюджетинен акчалай жардам көрсөттү. Андан сырткары 80 жаштан 90 жаштан ашкан кары- картаңдарга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 60 000 сом акча каражаты бөлүнүп, аймактагы 150 карыяга 400 сомдон таркатылып берилди. 

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Данияр Көчкөнов

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Данияр Көчкөнөв экинчи толкун учурундагы жергиликтүү бийликтин иш-аракеттери тууралуу айтып берди:

Кимдерге жардам берилди? 

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Данияр Көчкөновдун билдирүүсүндө, дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 вирусу жайылгандыгына байланыштуу мамлекеттин ичиндеги абалды эске алып, аймагыбыздагы айрым жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар жарандарга, кары-картаңдарга айыл өкмөттүн бюджетинен жана резервдик фонддон акча каражаты этап-этабы менен бөлүнүп берилди.

Вирустун жайылуусу күч алган мезгилдеги аракеттер

Кулатов айылындагы таажы вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөн учурда 1-кварталда 27 адамга 86000 (сексен алты миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул акчалар жашоочулардын арызынын негизинде муктаждыгына жараша ар түрдүү суммада берилди. Ал эми 2-кварталда 47 адамга акчалай жардам көрсөтүлдү. 3-кварталда 24-жаранга 25000 (жыйырма беш миң сом) финансылык жардам көрсөтүлдү. Пандемия учурундагы абал курчуп кетүү коркунучу жаралса айыл өкмөт тарабынан ооругандар үчүн шарттар каралган.

Учурда вирусту жуктургандардын саны кыскарууда

Азыркы учурда ооруну жуктуруп алгандардын саны кыскарууда. Кулатов айыл өкмөтүндө уюштурулган күндүзү келип кетүүчү стационарда мөөнөт менен иштеп жаткан кызматкерлердин берген маалыматына карата кырдаалдын жакшырганын байкасаң болот. Алгач ооруган жарандарга келген гуманитардык жардамдар, демөөрчүлөрдөн берилген дары дармектерди берип жатканбыз. Азыркы учурда ооругандар дарыларын өздөрү сатып алып дарыланып жатышат.

Элеттик айымдар ООНдун азык-түлүк программасы тарабынан колдоо алышты

 

 Таңнуру Жалалова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь