Базар-Коргон: 27 мектепте реалдуу түрдө окуу ачылды

6 Декабрь 2020 жыл 10:07
Количество просмотров: 114

Базар — Коргон районунда райондук санэпидемстанциянын сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 27 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди.

Окутууга уруксат берилген мектеп

2020-жылдын 2-декабрында, Базар-Коргон районунда райондук СЭСтин сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 14 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди. Окутуу реалдуу түрдө жүргүзүлгөн мектептерде санитардык — гигиеналык талаптар аткарылып, мектептердин температуралык режими нормага ылайык экендигин райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары Замира Адышова, СЭСтин башкы дарыгери Буважар Абдалова жеринде текшерип келишти.

Айта кетсек, райондо жалпы 66 мектеп бар, учурда 27 мектепте окутуу реалдык шартта Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин сунуштаган алгоритмине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышова

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышованын айтымында:

«29-ноябрда штабтын отурумунда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев мектептерде окууну жүргүзүү боюнча сунуш алып келген. Анан ошол боюнча ыкчам штабдын чечими менен 13 мектепти ачканбыз.


Мектепке окуучулар келип жатышат. Ал эми келбеген окуучулар негизинен бут-кийимдери даяр эмес экен. Себеби, биз 2 күндүн ичинде эле айттык ата-энелерге, ошондуктан 1-2 күндүн ичинде эле даярданып келишти. Окуучулар арасында ооругандар катталган жок. Мурунку ачылган 13 мектептен да ковид менен ооруп кайрылгандар катталган жок.

Штабтын отурумунда, айыл өкмөт, райондук кеңешме, медициналык кеңешинин төрайымы Айнура Бекташова үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору СЭСтин башкы дарыгери Буважар Абдалова, аким Бакыт Козуев башкарган штаб анализ жасап, ошол анализдин негизинде дагы 14 таза зонадагы мектептерге уруксат бердилди.

Ал эми Базар-Коргон, Кеңеш, Сейдикум, Акман, жана Бешик-Жон айылдарындагы мектептерге уруксат берилген жок.

Окуучуларда санитардык талаптар аткарылып жатат

Азыркы күндө Ковид аныкталган айылдарды карап туруп, анан иш алып барабыз.

Мүмкүн биз жаңы окуу жылынын  үчүнчү чейректен каникулдан кийин 10-январдан кийин бала-бакчаларга, мектептерге билим-берүүнүн сунуштаган алгоритимине ылайык окутууга уруксат беребиз. Кийинки кадамдарды кырдаалга карап жасайбыз.

Райондогу ар бир айылдын  эпидемиологиялык абалын карайбыз. Эгерде мектептерде абалы туруктуу болуп жакшы болуп Covid-19 катталбай  калса уруксат беребиз», -деди акимдин орун басары Замира Адышова.

 

Базар — Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Сопубек Сариевдин айтымында:

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

«Базар-Коргон райондук билим-берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө реалдуу окууга 27 мектеп тартылды. 21-ноябрдан баштап 13 мектеп реалдуу окууга кирди, андан соң 6 мектеп штабтын чечими менен 8 мектеп окууга кирди.

Кайсыл мектептерди бүгүнкү күндө реалдуу түрдө окутуп жатабыз. Кайсыл жерде кызыл зонага кирген мектептерде б.а. жугуштуу оору коркунучу жогору аймактарда бүгүнкү күндө кирбеди, ал эми жашыл зона таза зона инфекция коркунучу аз аймактардагы мектептерди киргиздик. Сейдикум айыл-өкмөтүнүн Дүкүр мектеби, Могол айыл-өкмөтүндөн Жусубалы уулу Жолдош, Кызыл-Үңкүрдөн  Алтын-Кыя  дагы Моголдон Кадыров мектеби, Арстанбап айыл аймагынан №29чу жана №39чу мектептер ачылды.

Ал эми кийинки 8 мектеп ошол эле Кызыл-Үңкүр аймагынан №21 Ташиев, Арстанбаптын №18, 19, 34 мектептер ачылды. Арстанбаптагы мектептер бүгүнкү күндө реалдуу окууга киришти. Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн 2 мектеп киргиздик №8 Сулайманкулов мектеби , №42 Сооронбаев мектеби. Базар-Коргон айыл аймагынан бир дагы мектеп кире элек. Себеби, оорулуулар көп жана Кеңеш айыл өкмөтүнөн кирген жок. Калган айыл аймактарынын мектептери окуп жатат.

 

2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында пандемия шартында окуу -тарбиялык процессин уюштуруу боюнча нускаманын негизинде бүгүнкү күндө окуу жүрүп жатат. Нускамада жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессин калыбына келтирүүдө, алардын даярдыгынын абалын баалоо жана пландоо маалыматтык камсыздоо үчүн 6 негизги аспектини колдонуу зарыл. Алар ченемдик база, каржылоо, коопсуз ишмердик, окутуу, калктын дээрлик аярлуу категориясын камтуу, бакубатчылык коргоо. Ушул нерселердин баарын аткаруу ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө мектеп иллюстрациясы эмнелерди аткарыш керек.

Коопсуздук боюнча кеңеш уюштуруш керек, негизинен билим берүү министрлигинин 2019 -жылдын 31-июндагы №928 нан 1 буйругу чыккан, ошол жерде коопсуздук ар бир мектепте коопсуздук кеңеши уюштуруш керек. Кеңештин курамына мектептин администрациясынын мүчөлөрү, педагогдор жана ата-энелер кириши керек.

Коопсуздук боюнча кеңештин ролу мектепте Covid-19 жайылышынын тобокелдиктерин баалоо, окуу процессин уюштурууну кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштап иштеп чыгуу, аярлуу топторду аныктоо билим берүү процессинин баардык катышуучуларына маалымдоо кошумча каражаттарды тартуу жана башка болушу мүмкүн»,-деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Келерки жумада Акталаада салттуу окуу башталат
Ширин Маратбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь