Карантин учурунда гүлдөрүнө өзгөчө маани берген чоң эне

29 Июнь 2020 жыл 9:39
Количество просмотров: 59

Карантин учурунда кары-картаңдар үй-бүлөсү менен убакытты текке кетирген жок.  Пенсияларын кечигүүсүз убагында алып жатышты. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушту. Бүайша  чоң эне гүлдүн 32 түрүн өздөштүрүүгө жетишкен.

Кызыл-Булак айылынын тургуну пенсионер 73 жаштагы Жалалова Бүайша

 

Кулатов айыл аймагынын тургуну жети уул кызды эрезеге жеткирген баатыр эне, пенсионер Жалалова Бүайша чоң эне менен баарлашканыбызда, 2020-жылдын 16-мартынан тарта киргизилген COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө абал учурунда убактысын кандай өткөргөндүгү боюнча маалымат алып келдик. Чоң эне карантин учурунда жаздын алгачкы күндөрүндө өзгөчө абал киргизилгендигин белгилеп, ушуларга токтолду:

«Айыл жеринде жумушсуз калып зээриккен адам болбоду. Баары жазгы талаа жумуштары менен алек болушту. Мен сыяктуу кары- картаңдар неберелери менен алектенип , бирок сый конокторго, той маарекелерге бара албай калгандыгыбыз өкүнүчтүү болду. Бирок мен карантин учурунда өзүмдүн сүйүктүү жумушум үй гүлдөрүм менен кенен алек болдум. Жылдагыдан айырмаланып, быйылкы жылы гүлдөрүм өзгөчө ачылды. Себеби кароо жакшы болду. Өзүм үйдө болгондугума байланыштуу гүлдөрүмө жакшы карадым, азыктандырдым. Тамак-аштан карантин боюнча алдын ала эскертүүлөрдөн кийин азда болсо азык-түлүктү камдап алган элек. Жок болуп калган азык түлүктөрдү айыл ичиндеги дүкөндөрдөн базар баасынан кымбатыраак сатып алууга мажбур болдук. Апрель айындагы пенсияны почта аркылуу 5-10 күн кечигип алдык. Карылыктын айынан күнүнө ичүүчү даары-дармектеримди айыл ичиндеги даарыканадан алып пайдаландым. Мен алыс-жакынкы балдарым, досторум, тууган-уруктар менен телефон аркылуу баарлашып турдум. Сабырдын түбү- сары алтын демекчи мына карантинден да чыгып кеттик, бирок вирустун жайылышы кыскарбагандыгына байланыштуу ушул учурда да сыртка чыгуудан өзүбүздү тартып, аш-тойлорго, мааракелерге барбай жатамын»,- деп билдирди.

Бүайша чоң эненин гүлдөрүн карап жаткан учуру

Карылар карантинде азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттаганына нааразы

Таңнуру Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь