Өлкөдөгү кырдаал учурунда мектеп жашындагы окуучуларды аралыктан окутуу маселеси чыкты. Бул учурда мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге бир топ эле тоскоолдуктар жаралды. Аралыктан окуу мезгилине ар бир окуучу даяр эмес экендиги көрүндү. Мындан тышкары ар бир окуучунун өзүнө таандык кол телефондору жок болгондугуна байланышттуу ата-энелеринин телефондору менен окууга туура келди.
Бир үйдө үч-төрт бала окуган болсо аларга да көйгөй жаралды. Кээ бир ата-эне телефондорго бирдик жүктөй албагандыгына байланыштуу көп окуучулар аралыктан окутуу учурунда көп окуй алышкан жок, -деп билдирди Барскоон айылыныдагы Эшманбет Кендирбаев орто билим берүүчү мектептин окуу тарбия иштер боюнча директордун орун басары Карыбай кызы Жыпар.
Чоӊ класстын окуучулары учурда онлайн жана ZOOM аркылуу сабак окушту. Ал эми 9 жана 11-класстын окуучуларын аттестациялоо боюнча жана класстан класска көчүрүү боюнча убактылуу жоболор кабыл алынган. Ал жобонун негизинде класстан класска көчүрүү эгзпмендери болбогондугун да белгилеп өттү. Ар бир окуучунун жылдык баалары үч чейректик баасынын негизинде коюулуп көчүрүлдү. Карыбай кызы Жыпар өлкөбүзгө капысынан келген «Таажы илдети» жана карантинге байланыштуу аралыктан окутуу учурунда мугалимге дагы, окуучуга жана ата-энеге да кедергисин тийгизген жок деп айтууга мүмкүн эмес экендигин билдирди:
«Карантин учурунда ар бир окуучу кыйналды десем дагы болот. Анткени теле сабакты көрүп кайра вотсап аркылуу окууга даяр эмес элек. Кээ бир окуучулардын телефондору сабак окуй турган программалырды көтөрө албай толук кандуу билим ала алышкан жок. Жылдагыга караганда быйыл окуучулардын билим деӊгээли абдан жогорку баада деп айтуудан да алысмын. Бирок ошого карабастан ар бир окуучунун аркет кылып окуганын жогорку баада баалаганга аракет кылдык. Албетте, бетме-бет отуруп окуганга эмне жетсин. Ата-энелер да кыйналышканынан мектептен эле окуткулачы деп сурангандары да бар».
Ал эми кээ бир ата-энелер карантин учурунда аралыктан окутуу жакпагандыгын билдирди. Теледен көрүп, телефонду карап коюп сабак жазганы менен билим албагандыгын да билдиришти. Ушул күнгө чейин мугалимдердин эмгегин чанда эле киши баалап келген болсо, карантин учурунда ар бир ата-эне баалаганга жетишти. Ар бир баланын татыктуу билим алуусуна талыкпай эмгектенип келген мугалимдерибиз алкышка арзышты. Карантин учурунда кыздарын окутуу үйдө отуруп бир кызын окута албай кыйналгандыгын айыл тургуну Айсулуу Мусалиева төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Мага аралыктан окуу учуру жаккан жок. Себеби мен мугалим болбогондон кийин сабак окута албайт экемин. Анын үстүнө үйдө эки кыз болгондуктан экөө бир убакта окуганга туура келип калды. Бирөөсү телефонду алса экинчиси отуруп калат. Улуу кызым чоӊ болгондуктан ал өзү окуп кетти. Кичүү кызым экөөбүз окуй албай абдан кыйналдык. Ал оюнга алаксып телевизорду көп деле карабай койду. Ар бир окуучуга ар башка мамиле жасап сабак окуткан мугалимдерге миӊ мертебе ырахмат, мен министрден суранат элем сентябрдагы окуу жылын мектептен эле окутсаӊар жакшы болот эле,- деп».
Ар бир баланын мүнөзү ар башка дегендей балдар бири-бирине окшопой келишет. Кээ бир окуучуларга аралыктан окуу учуру жакса көбүнчө окуучуларга жаккан да жок. алардын мектепте классташтары менен бирге жүрүп окуган учурду сагынышканын да жашырышкан жок. быйылкы жылдагы мектепти бүтүрүүчүлөр акыркы коӊгуроо учуру да салтанаттуу түрдө өткөрүлбөгөнүнө капа болушууда. Мындан тышкары баары биргелешип отуруп коштошо албай калгандыктары да өкүндүргөнүн Эшмамбет Кендирбаев орто мектебинин 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары билдирди:
«Биз мектепти бүтүрүп жаткан учур карантин учуруна туш болуп калганына капаланабыз. Себеби, биз бардык бүтүрүүчүлөрдөй эле акыркы коӊгуроодо өз белектерибизди биринчи класстын окуучуларына тапшыралы деп даярданган элек. Тилекке каршы бере албай да калдык. Ал эмес бүтүрүүчү деген лентаны да тагына албаганыбыз бизди капалантат. Окуу жайларга кантип тапшыраарыбыз да белгисиз болууда. Онлайн окуу учурунда колдон келишинче билим алууга умтулдук. Бирок, мектептен ага-эжейлерибиздин алдында отуруп алган сабакка эч жетпейт экен».
Алдыдагы божомолдорго караганда сентябрь айындагы окуу дагы аралыктан окутуу менен башталаары айтылууда. Эгерде күз мезгилинде аралыктан окутуу учуру улантыла турган болсо ата-энелер балдарынын билим деӊгээлдери бир кыйла төмөндөп кетээрин кулак кагыш кылууда.
«Быйылкы жылдай мектепти бүтүрүүнү эч кимге каалабайм»
Гүлкайыр Осмоналиева