Депутат Махабат Мавлянова өз эсебинен 1 050 000сом суммасында жардам көрсөттү

22 Июль 2020 жыл 20:30
Количество просмотров: 53

Кулатов айыл аймагындагы  COVID-19 вирусунан жабыркаган адамдардын саны көбөйүп, абал курчуганына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова Кулатов элине жардам колун сунду. Жалпысынан депутат өз эсебинен 1050000 сом суммасында жардам берди. Жал айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Абдуллаев Азим жана жалпы мед кызматкерлер ыраазычылык билдиришти.

ЖК депутаты Махабат Мавлянова тарабынан алынып берилген медициналык каражаттар

Асан Эркинбеков депутаттын консультанты

 

КР ЖК депутаты Махабат Мавлянованын консультанты Асан Эркинбековдун  билдирүүсүндө: Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн борбордук ооруканасына 1050000 сом суммасында жардам көрсөттү. Анын ичинде  рентген аппаратын алуу үчун 775000 сом акча каражатын бөлдү.

Андан сырткары 100 000 сомго кычкылтек станциясын курдурууда.

Кычкылтек станция куруу учурунда

Ошондой эле Ынтымак, Кулатов айыл аймактарындагы Күндүзгү келип кетүүчү стационардык ооруканаларга 169 000 сомго учурда эң керектүү болгон :

1.Пульсоксиметр 10 даана

2. СИЗ-костюм-40 даана комплект

3. Антисептик-200 литр

4. Медициналык кол кап-3000 даана

5. Бактерициддик лампалар-15 даана 500 м/кв

6. Медициналык штатив-50 даана медицина каражаттарын алып берди.

Жардам катары алынып келинген медициналык штативдер

Жал айылдык №16 ооруканасынын башкы дарыгери Абдуллаев Азим  Махабат Мавляновага өзүнүн атынан жана жалпы Кулатов элинин атынан терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ооруган бейтаптардын саны көбөйө баштаганда аларга жардам берүү үчүн тиешелүү каражаттар жетишсиз болуп кыйналгандыгын белгилеп, бирок азыркы учурда ушундай демилгелүү инсандардын жана айыл өкмөттүн берген жардамдары аркылуу абал кыйла жакшырганын айтып, учурда  керектүү дары- дармектер, медициналык апараттар жетиштүү экендигин билдирди.

Жал айылдык №16 дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Абдуллаев Азимдин ыраазычылык билдирип жаткан учуру

Айыл өкмөттөр COVID-19 вирусунун жайылбоосуна канчалык деңгээлде даяр
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь