Бут менен иштеген жугушсуздандыруучу каражаттар берилди

1 Август 2020 жыл 14:27
Количество просмотров: 49

Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана  кабиналарды беришти.

Байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттар

Байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды иштетүү учуру

Балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы коомдук бирикменин жетекчиси Шарапат Актанованын айтымында мындай каражаттар атайын долбоордун негизинде жасалган жана областтагы ар бир райондун төрт айылына берилет. Байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттар вирустан жеткиликтүү корголбогон мекемелердин: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бала бакчалардын, мектептердин, тез жардам кызматы сыяктуу имараттардын, ал эми жугушсуздандыруу кабиналар мамлекеттик ооруканалардын  алдына коюлат.

Солдон оңго Ак-Талаа райакиминин орун басары К.Карагулова, Ш.Актанова Балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы коомдук бирикменин жетекчиси, Т.Турусбеков Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы

Оңдон солго биринчи У.Бухарадинов “Мүмкүнчүлүк” коомдук бирикмесинин жетекчиси

“Азыр ушул пандемия учурунда вирусту жеңүүчү үчүн ар бир жаран колунан келген жардамдарды берип жатат. Мындай каражаттарды жасоо идеясы менин уулум менен “Мүмкүнчүлүк” коомдук бирикмесинин жетекчиси Улукбек Бухарадиновго таандык. Бул байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттардын эң пайдалуу жагы-өзгөчө кырдаал бүткөндөн кийин дагы санитардык гигиеналык талаптарды сактоо коюлган жайларда колдоно берүүгө болот”,-деп кошумчалады.
Колго атайын жасалган каражаттын ичине 1 литрдей антисептик суюктугу куюлат жана бут менен иштетүүгө болот.

Курман айтта жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь