Мугалим: «Аралыктан окутуу мугалимдерди бир топ сыноого салды»

1 Август 2020 жыл 14:11
Количество просмотров: 61

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу дээрлик көпчүлүк тармактар иштөө тартибин өзгөрттү. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Белгилүү болгондой окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктады. Күтүлбөгөн мындай окуу тартиби өз учурунда мугалим, окуучу, ата-энеге бир топ кыйынчылыктарды алып келди.

Курманжан Тиленбаева Баетов айылынын тургуну

Баетов айылынын тургуну Курманжан Тиленбаева ар бир нерсенин өз орду менен болгону жакшы экен деген оюн айтты.
“Негизи ар бир нерсенин өз орду менен болгону жакшы экен. Үйдөн окутуу болбогон нерсе экен. Балдарыбызды үйдөн окутуп, көп кыйынчылыктарды көрдүк. Тапшырмаларды түшүндүрөлү десек өзүбүз түшүнбөйбүз. Кээде бирдик салынбай калат же интернет тартпай калат. Чоң балдарыбызды оку десек ана-мына деп окушпайт. Кичинелерге болсо мугалимдердей түшүндүрө албай убараландык. Кандай болгон күндө да мектепте мугалимдердин окутканына жетпейт да”.
Аралыктан окутууда класс жетекчилер окуучуларынын сабакка катышууларын ар дайым көзөмөлдөп, ата-энелери менен байланышта болуп турушту. Айрым класс жетекчилер окуучуларынын телефондоруна бирдик салып берип, өтүлгөн темалардан артта калбоосуна аракет жасашты.

Нурзат Молдакунова Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими

Э.Карасартов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Нурзат Молдокунова класстагы балдарым катышпай калбасын деп бирдик салып бердим. Ал анча көп акча эмес дейт.
“Аралыктан окутуу мугалимдерди бир топ сыноого салды. Кыйынчылыгы дагы, жемиши дагы болду. Менин классым биринчи класс. Бирдигим жок болуп жатат деген ата-энелерге өз чөнтөгүмөн бирдик салып бердим. Алдыңкы окуучу болгондуктан артта калбасын, сабакты түшүнбөй калбасын дедим. Окуучум кайтарым байланышка чыгып жатты”.
Буга чейин мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалды башынан өткөрбөгөндүктөн карантин учурунда алардын достору менен жолукпай, баарлашпай калуусу жана аралыктан окууга көнүү алар үчүн да оңой болгон жок.

Тариэл Маметибраимов Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу

“Досторум менен чогуу окуган жакшы болчу”,- дейт Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Тариэл Маметибраимов:
“Аралыктан окутуу жаккан жок. Үйдөн окугандыктан сабакка бирде кирсек, бирде кирбей алаксып же жумуш болгондо кечигип кирип калат экенбиз. Ата-энелирибиз да, өзүбүз да, мугалимдер да кыйналды. Баарыбызда телефон жок, сабактарга кезектешип кирип жаттык. Видеосабактар супсак болуп, көп нерсени түшүнбөй калып жаттык. Телефон кечке караганда көзүбүз да ооруйт экен. Мектепте досторум менен чогуу окуган жакшы болчу”
Күтүүсүздөн пандемияга байланыштуу киргизилген кырдаалда мугалимдер абалды тез эле колго алып, интернеттен ар кандай тиркемелерди жана техникалык каражаттарда сабак өтүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Дээрлик бардык мугалимдер “окуучу кандай кырдаал болбосун билим алышы керек” деген ой менен алар окутуунун жаңы ыкмасын баштады. Бирок ал канчалык деңгээлде натыйжалуу болгонун Бурул Жангазиева айтты.

Бурул Жангазиева Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими

“Аралыктан окутуу бул жоктон көрө жогору дегендей кеп экен. Биз мугалимдер кечке телефон карап ден-соолугубуз бузулду деп жатпайбызбы. Андан дагы коркунучтуу нерсе-бул балдардын толук кандуу билим албай калганы, теманы түшүнбөгөнү. Анан кол жазмага көңүл бурулбай калат экен. Аралыктан окутуу билим берүүнү талкалап коет деген ойдомун. Ал эми телевизордон аралыктан окутуу ийгиликтүү болду деп маалымат айтып жатышты. Кандайдыр бир деңгээлде ийгиликтүү болгондур. Бирок менен аны ийгилик деп эсептебейм.
Өлкөбүздөгү кырдаал дагы канчага созулары белгисиз. Ал эми билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы аралыктан башталарын кабарлады. Бирок ошентсе дагы 1-сентябрда окуучуларыбызды адаттагыдай мектептен тосуп алалы.

Ак-Талаалык окуучу өлкө Президентинин сыйлыгына татыды
Ак-Талаада алдыңкы окуучулар жана сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь