«12 саат иштеп, кечинде баспай калабыз», — деген Ат-Башыдагы күндүзгү стационардагы дарыгер Назгүл Мамбеталиева «кызыл зонадагы» жумушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө айтып берди.
Биздин бул жаңы стационарда иш баштаганыбызга 10 күндөн ашты. Бир дарыгер, 2 медайым жана 2 санитарка болуп бешөөбүз келгенбиз. Буга чейин биз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп жатканбыз, ал жерде күнүнө 40-50 дөй кишини тейлеп жатканбыз, азыр абал кыйла жакшы болуп калды. Бир күндө 5-10 дой бейтапты карап жатабыз. Көбүнчө бейтаптар башында кичине дарыланышып, кичине жакшы болуп калдым деп жүрө беришип, пневмония болуп келип жатышат, же кээде 5 күн капельница алгандар дагы кайра кайрылып жатышат. Азыркы тапта 4 бейтап пневмонияга чалдыккан. Дагы экөө бүгүн келишти, анын үстүнө көбүнчө карыган кишилер кайрылышууда.
Стационар мурун «Аю холдингге» караган балдарга билим берүүчү борбор болчу. Бул чоң имаратты жеке ишкер Мелис Иманалиев ичин тосуп, 30дан ашык керебет алып келип, кычкылтек концентарторун жана кычкылтек станцияга кошулган түтүктөрдү орнотуп , ысык жана муздак суусун чыгарып, бардык шарттарын түзүп берди. Биз ага ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми дагы жылуулук системасын уюштуруп берүүнү убадалашты. Себеби имарат чоң болгондуктан жайдын күнү деле муздагыраак болот. Даараткана ичинде дагы, сыртында дагы бар.
Бизге чейин иштегендер казармалык деп үйлөрүнө барбай иштешчү. Же киши азайып калгангабы, же өкмөттө акча жокпу айтор бизди күндүзгү кылып, шартка байланыштуу саатына жараша гана төлөп калышты. Биз 12 саат иштеп, үйгө чарчап барабыз, эртен менен кайра эрте туруп келебиз, бирок ошого карабастан эч бир доктур качып кетпей иштеп жүрүшөт. Дагы бир нааразы кылган нерсе — поликлиникадагы жумушубузду кызыл зонадагыдай эсептеп беришкен жок. Себеби, ал жерге түздөн түз ооругандар, өтө оор абалдагылар келип жатышты, биз бир ай тынымы жок ашыкча саат иштеп жаттык, бирок эмнегедир «кошумча» акча төлөнбөй калды.
Азыр бизде медициналык каражаттар толугу менен жетиштүү. Тамак-аш бир маал МЧСтен келип турат, калган убакта өзүбүз сатып келип жейбиз. Жумушта эң эле кыйналганыбыз — 12 саат иштеп, анан эс алабыз, себеби ушунча убакыт респираторлорду тагынып, форманы, өтүктү кийип жүрүүнүн өзү эле кыйын экен.
Дары-дармектер боюнча көйгөй деле жок, бейтаптар өздөрү алып келишет, кымбат болсо дагы дарыканаларда дары-дармек жетиштүү. Мисалы, Клексан 4000 сомдон жогору турат.
Буюрса, ушул күндүзгү стационарда гимнастика жасоочу бөлмө ачсакпы дегенбиз, башында бейтаптар бири-бири менен контакт болуп калат деп кооптонуп жатканбыз. Бирок, бул имарат чоң болгондуктан аралыкты сактап көнүгүүлөрдү жасатып тура алабыз. Баарыбыз эле билип калдык го, аталган илдеттен, өзгөчө пневмония болгондон кийин көнүгүүлөрдү жасап туруу абдан маанилүү, кээ бир адамдар биз айткан нерселерди үйүнө барганда жасабай коюшат, өзгөчө улгайып калгандар же толугураак адамдар жасай албай калышат. А гимнастика жасамайын өпкө ачылбайт. Андыктан атайын инструкторлор келсе, ачалы деген оюбуз бар, бейтаптарга жок дегенде 10 минута көрсөтүп беришсе жакшы болмок.
Асель Уркунбаева