Пандемия учурунда жардам берген мигрант: «Биз бул жардам менен токтоп калбайбыз»

7 Октябрь 2020 жыл 12:42
Количество просмотров: 44

Биздин бүгүнкү каарман Ача-Кайыңды айылынын кулуну Кайрат Эсенгелдиев. Ал азыркы күндѳ Америкада жүрсѳ дагы пандемия учурунда жардамын берип, кѳптѳгѳн иштердин демилгечиси боло алган. Биз аны менен байланышып, маек курдук.


-Америкада жүргѳнүмѳ 7 жылдан ашты.
Мен ѳзүм 2013-жылдан бери Америкага келип, иштеп жүрѳм. Жаңы келгенде алгачкы жылдары абдан кыйналып, ары-бери согулуп жүрдүк. Албетте, бардыгын башка жерде ѳздѳштүрүп кетүү кыйын экен, акырындан ийгиликтерге жете баштадык.

Балдарым азыр Кыргызстанда, кыргызча үйрөнсүн деп жибердим

— Ѳлкѳбүздѳгү абалды кѳрүп, отура алган жокмун.
Чындыгында мекендин баркын башка жерде жүргѳндѳ билет экенсиң. Алыста жүргѳндүн бардыгында патриоттук сезим күч болуп калат экен. Ѳлкѳбүздѳгү абалды кѳрүп, отура алган жокмун. Мен эле эмес башка мекендештер дагы ушундай ойдо болуп баарыбыз биригип, жардам берсек дедик.

-Биз бул жардам менен токтоп калбайбыз…
Менин негизги айтаар сѳзүм жаштарга болсун. Анткени азыр жаштар иштейбиз десе ар тараптуу жардам кѳрсѳтүп бергенге даярмын. Эгерде алар айылды ѳнүктүрѳбүз дешсе. Мамлекетти эле карап отура бербей, айыл эли ынтымакташып иш кылгыныбыз жакшы. Үмүтүмдүн бардыгы азыркы жаштарда. Биз бул жардам менен токтоп калбайбыз.
-Айыл ѳкмѳткѳ ыраазычылык билдирем…
Мына биздин айыл башчыбыз баштап, жакшы иштер болду. Айылыбызга жаңы стационар салынып бүттү. Бул иште ал тынбай чуркап жүрдү, чоң демѳѳрчүлѳрдүн бири Мирлан Жолдубаевге дагы чоң рахмат, жардам берген айыл тургундарына, бардыгына рахмат айтам. Кандай кана иш болбосун айыл колдоп турса жакшы иштер аткарылат. Андыктан элге биримдиктүү болушун гана кааламакмын.

Эске салсак, Кайрат Эсенгелдиев, айылга кычкылтек концентраторун алууда, дары-дармектерге жана жаңы стационардын салынышына жардам кѳрсѳткѳн.

 

Асель Уркунбаева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь