Ковид-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, Ат-башы мал базарындагы санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
27-сентябрь күнү Ат-Башы райондун мамлекеттик админстрациясы, райондук ички иштер бөлүмү, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте мал базарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш чарада аталган мекемелердин өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын- алуу максатында Ат-башы районундагы эл көп чогулган мал базарындагы ашканалардын ээлерине, мал базардын ичиндеги соодагерлерге аралыкты, санитардык нормаларды сактоо, бет кап тагынуу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин алып барышты.
Айрым ашканаларда санитардык нормалар сакталып, антисептикалык коргонуучу каражаттар коюлган болсо, көбүндө мындай нормалар салган эмес. Аларга эскертүү берилди.
Айылда санитардык эрежелер сакталбай калды…
Асель Уркунбаева