Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы август айында курулуп башталган кошумча күндүзгү стационар курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул имараттын курулушун чоң демѳѳрчү болуп АКШда иштеп жаткан жаш ишкер Кайрат Эсенгелдиев баштап, айылдын бир топ тургундары ѳз каражаттарына салып бүтүрүштү.
Ѳз салымын аябай, курулушка жардам берген айыл тургундарын аталган айылдын ѳкмѳтү Нурлан Жунусов бирден атап ѳттү:
«Башкы демѳѳрчүлөрдөн болуп:
Мындан сырткары, айылдын кайдыгер карабаган тургундары, ФАПтын кызматкерлеринин жардамы менен бүткѳрүлүп, бүгүн мына ишке берилип жатат. Биз бардык салым кошкон тургундарга терең ыраазычылык билдиребиз жана айылыбыздын эли эч качан оорубасын дейбиз».
Имарат 54 чарчы метр жерге курулуп, 8 орундуу болду. Болжолдуу баасы 600миң сомдун айланасында. Толук архитектуралык талапка жана нормага жооп берет.
Күндүзгү стационардын ачылышына Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эмилбек Алымкулов, Ат-Башы районуну акими Нурбек Сатаров жана үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун башчысы Токторбай Кадыракуновдор келип катышып, демѳѳрчүлѳрго ыраазычылыгын билдиришип, каалоо-тилектерин айтып кетишти. Андан тышкары, айыл тургундары жана жардам кылган ишкерлер дагы келип ачылышына күбѳ болушту.
Эске салсак, бул имарат кышкы сезондо кыйналып калбаш үчүн жана экинчи толкунга даярдык максатында курулуп башталган. Курулуш иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталып, август айынын аягына чейин бүтүрүүсү пландалган.
Асель Уркунбаева