«Муктаждарга төрт түлүк» акциясы Америкадан Туркияга узатылды

12 Сентябрь 2020 жыл 13:08
Количество просмотров: 63

Буга чейин Ат-Башы районунда «Муктаждарга төрт түлүк» акциясы май айында башталып, бир айда 25 үй-бүлө малдуу болгонун маалымдаган элек. Эми бул акция Америка, Түркияга жетип, ал жердеги мекендештерге узатылды.

Бул ирет чет жердеги мекендештерден 5 үй-бүлөгө 25 мал жандык тапшырылды

Америкада эмгектенген Ат-Башылык мекендештер бул акциянын алкагындагы эстафетаны Москвадагы мекендештерден кабыл алып, Америкадагы мекендештердин атынан Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Бирлик, Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Кара-Булуң айылдарындагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө жалпы 25 кой тапшырылып берилди.

Жалпы 50дөн ашык үй-бүлөгө 200дөй мал берилген

Эстафетаны аткарып жаткан мекендештер аталган акция эл үчүн жакшы жардам болуп жатканын билдиришти. Бул саамалыкты улантып кетүү ишин эстафета катары Түркия өлкөсүндө эмгектенген Ат-Башылык мекендештерине узатышты.

Бул саамалык Ача-Кайыңды айылында дагы болуп өттү

Район эли үчүн жасалып жаткан кайрымдуулук ишти колдогон чет жердеги мекендештерге Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров өзүнүн жана жалпы элдин атынан терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

Учурда бул акция эстафета катары уланып, 50гө жакын үй-бүлөгө 200дөн ашык төрт түлүк мал тапшырылган.

Ача-Кайыңды бала-бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жатат
Асель Уркунбаева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь