Кочкор районунун Чолпон айылынын Covid-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Чолпон айылдык №6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, дарыланууга көрсөтмөлөрдү алып жатышты. Бул ооруга кабылгандардын бири Эркин Кожогулова кандай медициналык тейлөөгө кабыл болгонун айтып берди.
Чолпон айылынын тургуну Эркин Кожогулова
Оорунун башында дене табым көтөрүлдү
-Оорунун башында чыйрыктым. Жылуу жатып, антибиотик дарыларды ичип көрдүм. Эртеси күнү кандайдыр бир алсыздык болуп, дене табым көтөрүлдү. 9-июлда ооруп баштагам, 3-4 күнгө чейин үйдөн дарыландым. Дене табым такыр түшпөй койгонунан, айылдагы күндүзгү стационарга кайрылдым. Ошол убакта аябай алсырап, алсыз болуп, тамакка табитим тартпай, кускум келип, оозумда башкача бир даам болуп, эмнегедир башкача болуп жаттым. Заарамдын түсү дагы өзгөрүп, кыпкызыл болуп кетти. Күндүзгү стационарга кайрылгандан кийин, 2 маал тамчылатма дары алып жаттым. Кээ бир адамдар 3 күн тамчылатма алгандан кийин эле сакайып кетишет экен. Мен жакшы боло албай 7 күн алдым. Ошондой эле 1 сааттан дем алдыруучу аппаратка жатып дарыландым.
Рентген аппаратына түшкөнгө дагы алым келбеди
-15-июль күнү Кочкор районундагы ооруканага рентген аппаратына түшүү үчүн жолдомо беришти. Рентгенге барганда такыр алым келбей, башым сынып ооруп, рентгенге түшкөнгө дагы алым келбей, кайра үйгө келе бердим. Дене табым ошол бойдон эле ылдыйлаган жок. Өзүмдүн дагы алым кетип калды. Күнү-түнү шалдырап эле жаттым. Ооруканага машина менен барып, дары куйдуруп, кайра үйдө алсырап жаттым. Тамакка табитим тартпай, жада калса суу дагы иче албай калдым. 22-июль күнү кайрадан рентгенге түштүм, жыйынтыгы эки тараптуу пневмония деп чыкты. Дарыгерлер дарылоочу дарыларды өзгөртүп, башка дары алгандан 5 күн өткөндөн кийин дене-табым акырындык менен түшө баштады.
Ооруган адам физикалык жактан көп кыймылдоосу керек экен
-Дене табым түшкөнү менен алым кетип, кичине бассам эле күйүгүп калып жаттым. Ошол учурда көп баскым келчү эмес. Бирок көп кыймылдап, тамакты жакшы ичиш керек экен. Дарылануучу дарыларды өзгөрткөндөн кийин, кичинеден тамакка табитим тарта баштады. Бирок көпкө чейин алсыроо кетпейт экен. Ооруп жатканда өзүнчө бөлмөдө жаттым. Үй-бүлөбүз менен эч кимдикине барган жокпуз, ошондой эле үйгө эч кимди киргизген жокпуз. Ооруп жатканыбызды жашырбай ачык эле айтып жаттык.
Мен өзүмдөн үмүтүмдү дагы үзө баштагам. Бирок дарыгерлердин жардамы менен ден-соолугум жакшырып кетти. Чолпон айылдык ооруканасынын дарыгерлеринин бардыгына чоң ыраазычылыгымды билдирем. Ооругандарды сакайтуу үчүн болгон күчүн жумшашты десем жаңылышпайм. Ошондой эле айылдан чыккан демөөрчүлөр ушундай кыйын кырдаалда ооруканага чоң салымдарын кошушту. Дары-дармек, дем алдыруучу аппараттар канчалаган адамдардын сакайып кетишине жардам болду.
Жалпы журтка кайрылуу
-Бул оору азыркы күнгө чейин жүрүп жатат. Ошондуктан ар бир адам өзүн-өзү сактоосу керек экен. Беткап, антисептикалык каражаттарды сөзсүз түрдө колдонуңуздар. Аралыкты сактап, өздүк гигиенаны, дарыгерлер айткан кеп-кеңештерин сөзсүз түрдө аткарыңыздар
Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруп айыккан бейтаптар медкызматкерлерге ыраазычылык билдирип жатышат.
Перизат Таштанова