Карантин балдардын кызыккан жумуштарын жасоого мүмкүнчүлүк жаратты

31 Август 2020 жыл 21:14
Количество просмотров: 45

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагын тургуну Камчиева Ракыя жана анын кызы Мамазияева Гулизалар карантин учурунда балдары менен чогуу болууга мүмкүнчүлүк жаратканын жана балдары кызыккан жумуштарын бирге жасоого жетишкен. Бирок балдардын мектепке барып билим алуусу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. 

Кулатов айылынын тургуну Камчиева Ракыя жана кызы Мамазияева Гулизанын маалымат берип жаткан учуру

 

Карантинге балдарыбызды көндүрүү биринчиден кыйын болду

— Карантин башталганда балдарды мектепке жөнөтпөй, сыртка чыгарбай үйдө кармоого мажбур болдук . Бирок ойноп жүргөн балдар башынды көнүгө албай кыйналышты. Акырындык менен онлайн сабакка катыштыруу менен берилген тапшырмаларды аткарып убакыт өткөрүп жаттык.

Менталдык арифметика боюнча бир топ ийгиликтерге жетишти

— Кызым Мамазияева Гулиза 6-класстын окуучусу менталдык арифметика боюнча курска катышып, көп ийгиликтерге жетишти.  Ноокат райондук конкурстарга катышып, Супер чемпион наамына ээ болду. Ташкент шаарына да барып чемпион кубогун алууга жетишти. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уюштурулган конкурска катышып, сертификат менен сыйланды. Андан сырткары, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаевдин колунан ыраазычылык кат  алды. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун дагы сыйлыгына татыктуу болушту. Карантин учурунда өз алдынча даярданып, бир күндө 1 же 2 мезгил абакус менен өз алдынча иштейт. Кудай буйруса, карантин аяктаса курсун улантат деген ойдомун. Дагы алдыда боло турган конкурстарга катышат деген үмүттөмүн.

 2020-2021-жылкы жаңы окуу жылына даярбыз

Азыркы учурда 3 балам мектеп окуучусу , бир уулум бака бакчага баруусу керек эле. Пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылы да аралыктан окутуларын угуп жаңы окуу жылына даярданып жатабыз. Теле сабактар үчун сыналгы бар жана мугалимдер менен байланышуу үчүн чоң уулум 11-класстын окуучусу анын өзүнүн чөнтөк телефонунун пайдаланат. Калган эки кызым менин жана жолдошумдун телефондорубузду пайдаланат. Мектеп тарабынан берилген китептерди алып, сырттап койдук.

 

Гулиза Мамазияева:

— Мага биринчиден онлайн окуу жаккан жок. Себеби, мен бирге окуган классташтарымды аябай сагындым. Экинчиден мектепте окуганда мугалимдин бетме- бет отуруп түшүндүргөнү бир кыйла жакшы эле. Андан сырткары темаларды ошол жерде мисал маселе иштөө аркылуу бышыктачу элек. Үйгө берилген тапшырмаларды да мугалимге кенен кесир түшүндүрүп берүү кыйын болуп жатты. Бирок ошондой болсо да, COVID-19 вирусун жуктуруп алуудан коркуп, санитардык эрежелерди сактоо менен сыртка чыкпоого аракеттенип жатабыз. Карантин бүтүшүн сабырдуулук менен күтөрүн билдирди.

Мамазияева Гулиза Ташкент шаарына барып менталдык арифетика боюнча Чемпион кубогун алган

 

 

Жалалова Таңнуру, Абдижапар кызы Аймира

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь