Он орундуу стационар октябрь айында ишке берилет

31 Август 2020 жыл 12:22
Количество просмотров: 52

Учурда Талас облусунда бардык айылдардагы ФАПтарды оңдоо, кеңейтүү, кышкыга даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.  Үч-Эмчек айылында туулуп өсүп, учурда Бишкек шаарында жашап, “Бишкек курулуш” компаниясынын генералдык директорлук кызматын аркалаган Аскарбек Молдобаев айылдаштарына 10 орундуу күндүзгү стационар кура баштады.
Пандемия учурунда Кыргызстанда, анын ичинде Талас облусунда ооруканалардын жетишсиздиги, айылдагы үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун, ФАПтардын тардыгы байкалды. Талас районундагы Үч-Эмчек айылында ФАПтын имараты пандемия мезгилинде тардык кылып, айылдагы бала бакчаны убактылуу күндүзгү стационар катары ачышкан.

Айылга курула турган стационардык жер пайын түптөө учурунда Аскарбек Молдобаев облус жетекчиси Марат Мураталиев менен

«Айылда тумоологондор көбөйүп, ФАПтын ичи тардык кылганда бала бакчанын имаратын күндүзгү стационар катары пайдаланууга туура келди. Тынч заманда муктаждыкы билген эмеспиз экенбиз. Аскарбек байкебиз куруп берип жаткан бул он орундуу стационарды келечекте стационар катары эмес, курорт катары эле колдонуп калалы, пандемия кайталанбасын» -дейт айыл аймактын башчысы Адилет Жолдошев.

«ФАПты дагы Аскарбек инибиз оңдогон кезинде. Элдин саламаттыгына кам көрүп айылыбызга чакан оорукана салып берип жатат. Айыл эли Аскарбекке ыраазы болуп, карыялар батасын беришти», -деди ыраазычылык билдирип айыл аксакалы Токтоназар Нукешов.

Учурда стационардын курулушу жүрүп жатат, имарат октябрь айына чейин бүтүп, ишке берилет. Бул заманбап күндүзгү стационардын ичинде анализ чыгаруучу лабораториясы, дарыканасы дагы болору айтылууда.

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында да жаңы күндүзгү стационардын курулуш иштери башталып, күз айларынын аягында бүтүрүү пландалган.

 

Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь