Пандемия учурунда дары чөп, жашылчаларды өстүргөн демилгелүү айымдар

31 Август 2020 жыл 12:03
Количество просмотров: 57

Талас районундагы бийик тоолуу Талды-Булак айылынын шарты катаал, аба-ырайы кыйла суук. Бул айылда жашылча-жемиш дээрлик бышпайт. Айылдыктар картошка, арпа, көп жылдык чөп өстүрүп, мал чарбачылыгы менен жан сакташат. Бирок айылдык ден- соолук комитетинин мүчөсү Асыл Иманалиева карантин учурунда дары чөптөрдү өстүрүп, аларды таңгактап сактоону өздөштүрдү.


— Пандемия башталганда айылга камалып эч жакка чыга албай калдык. Мен Айылдык ден соолук комитетинде иштейм. Тумоологондор көп болду, көпчүлүгү пневмония менен ооруп жатышты. Айылыбыздагы оорукана күнү-түнү иштеп жатты. Биз Талас райондук ден- соолукту чыңдоо кабинетинин адистери берген маалымат баракчаларын үймө-үй таратып, короолорго таштап кеттип жаттык. Кошуналар да бири-бирибиздикине кирбей карантин катуулаганда мен мурда мүчө болгон Био kg органикалык кыймыл федерациясынын мүчөлөрү менен соцтармактар аркылуу байланышып калдым. Алар карантин учурунда үйдө жатпай органикалык өсүмдүктөрү өстүрүүгө чакырышты,-деди Талды-Булак айылындагы АДКнин мүчөсү Асыл Иманалиева.

Көргөзмөдө Асыл Иманалиева айылдык аялдарга дары чөптөрдү көргөзүүдө

Био kg органикалык кыймыл федерациясы Кыргызстанда табигый таза жашылча-жемиштерди өстүрүү тажрыйбасын жайылтууда. Талас районунун Талды-Булак, Көпүрө-Базар айылындагы топтор быйыл жазда Био kg органикалык кыймыл федерациясынын адистери менен биргеликте картошка, кызылча, чанактуу өсүмдүктөр, дары чөптөр, дары гүлдөр, жашылчаларды эгип, учурда түшүмүн алышууда.

Айылда өндүрүлгөн жашылчалар

Асыл Иманалиева быйыл дары чөптөрдү, гүлдөрдү өстүрдү

— Огородко жалбыз, календула, теңге гүл, мышык тамыр деген дары чөптөрдү тиктим. Кара топурактуу, салкын жерге абдан жакшы өстү. Био kg органикалык кыймылынан алган витаминдерди колдонуп айылдыктар кызылча, сабиз, чеснок, картошка эктик, абдан жакшы өсүп, түшүмү мол болду, адам үйдө жатса ойлонуп, эмне кылсам, кантип жан сактайбыз? Өлкөбүздө мындай абал болуп жатса дейт экен. Отура бербей, өкмөттөн жардам күтпөй аракет кылсак минтип берекетин көрөбүз, — деди Асыл эже.

Учурда дары чөптөрдү атайын кагаз баштыкчаларга салып, “Талды-Булак”деп жазып кошумчалады

Асыл Иманалиева сыяктуу демилгелүү айыл жарандары август айынын этегинде байыркы кыргыздардын унутулуп калган кымыз майрамы “Ширге жыяр” майрамын уюштурушту. Илгерки замандарда кыргыздар жайлоо мезгили аяктап, кыштоого көчөрдө кымыз чогултуп, элден бата алышкан. Айылдыктар майрамда айылда өндүрүлгөн дары чөптөрдү, жашылчаларды көргөзмөгө коюшту. Майрамдык маанай ыр-күү менен коштолуп, дасторкон жайылып, элге кымыз берилди. Көргөзмөгө коюлган картошка, чеснок, сабиз, пияз, кызылча, капусталар жана баштыкчаларга салынып “Талды-Булак” деп жазылган дары чөптөрдү көрүп көпчүлүк эл калк башына кыйын кезең чак келип пандемия болуп турса да аракеттенип, жашоону алдыга сүрөгөн жигердүү айымдардын ишине ыраазы болушту.

“Аракет кылсаң берекет” дегендей адамдардын ак тилеги, аракети менен суук айылда дагы жашылчалар бышып, дары чөптөр өсөөрүн далилдеген Асыл Иманалиевадай кыргыз аялдары арбый берсин!

Таластык уз чебер Толсун Көкөева: “Карантин учурунда жалаң сайма сайып, төшөк курадык
Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь