Подкаст: Райондогу коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кандай?

3 Сентябрь 2020 жыл 14:27
Количество просмотров: 50

Тогуз-Торо райондук санэпид көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча коронавирус оорусу менен 54 адам катталган.Ал эми пневмония оорусу менен ооругандар июль айында жогорку чекке жетип болжол менен жалпы 3000ге чейин бейтаптар медициналык жардамга кайрылган.

Жалпы район боюнча

  • Коронавирус оорусу менен 54 учур
  • Каза болгондор 3 учур катталды
    Жаш курагы боюнча чоңдор 50
  • балдар 4 учур
  • Эркектер 12
  • Аялдар 42 учур катталган.

Ооругандардын социалдык абалы боюнча:

  • окуучулар 4
  • мекемеде иштегендер 9
  • иштебегендер 9
  • пенсионерлер 11
  • медицина кызматкерлери 21 учур катталган.

Айылдар боюнча:

  • Казарман 41
  • Карасуу 4
  • Атай 3
  • Четбулак 2
  • Арал 2
  • Карл Маркс 1
  • Табылгыты 1 учур.

Оору катталбаган айылдар: Бирдик, Додомол, Кош Булак, Өрнөк айылдары.

Пандемия учурунда Тогуз-Торо районунда  эпидемиологиялык абал кандай болду. Бул туурасында  райондогу Санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу Анара Атыканова менен маек курдук. Бул подкасты төмөндө уга аласыз.

Ооруну аныктоо максатында жалпы 1119 ПЦР тест менен камсыздалып 1100 анализ алынган.

Анализдер Жалал- Абад шаарына, санэпид көзөмөлдө борборунун вирусологиялык лаборатория жөнөтүлүп, текшерилүүдө.

Пневмония оорусу менен ооругандар июль айында жогорку чекке жетип болжол менен (такталып жатат) жалпы 3000ге чейин бейтаптар медициналык жардамга кайрылган. Ал эми пневмониянын орто жана оор түрү менен стационарда дарылангандар 81 учур, каза болгондор 5 учур болгон.

Бейтаптар көп болгон учурда ооруканада жана бардык айыл өкмөттөрдо күндүзгү стационарлар уюшулду, бирок иштеген жок, оорунун жогорку көрсөткүчүнө жеткен учурда Макмал мектебинде уюшулган 30 койкалык күндүзгү стационар иштеди.  Калган стационарлар даяр абалында турат. Бүгүнкү күнгө пневмония оорусу азайган үчүн стационарлар жабылды.

Коронавирус оорусу дагы төмөндөп, акыркы оору 5 августа аныкталган, 10 күндөн бери анализдер таза болуп келип жатат.

 

Анара Мааметова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь