Тогуз-Торо районунда быйылкы жаңы окуу жылында 1- класска 490 окуучу мектеп босогосун аттады. 1-сентябрь билим күнүндө биринчи класстарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бардык шарттар каралып, санитардык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды.
Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин мугалимдери 1-класстын окуучуларын кабыл алууда
Макмал орто мектебинин мугалимдери окуучуларды тосуп алышты
Аделина Бейшеналиева мектептин босогосун биринчи аттады. Мектеп, 1-класс деген сөздөр чынга айланып, кубанычында чек жок.
М.Жаңыбаева орто мектебинин 1-классынын окуучусу Аделина Бейшеналиева
«Жаңы 1-класска кирдим. Бүгүн класска киргенде жыргадым. Анткени эжекем жакшы экен. Эжейибиз окуучулар менен тааныштырды. Мектептин ичине сейилдедик».
Адатта, 1-сентябрда мектептин алдына окуучулар менен чоң линейка менен өткөрүлчү.
Кырдаалга байланыштуу окуунун тартиптерин, эрежелерин ата-энелерге Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев тааныштырды.
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев ата-энелерге милдеттерин жана окуу тартибин түшүндүрдү.
Окуучулар аралыкты сактоо менен окуу бөлмөлөрүнө жайгаштырылып, биринчи класстарга «Сүйүктүү Кыргызстаным» деген темаларда тарбиялык сааттар өтүлдү.
М.Жаңыбаева орто мектебинин 1-классынын мугалими Назила Анжанбекова
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев 1-класстын окуучуларын Билим күнү менен куттуктады.
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев 1-класстын окуучуларын Билим күнү менен куттуктады.
Өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле райондо 2-11-класстар дистанттык формада билим алышат.
Акталаада 1-класстар мектепке кандай кабыл алынгандыгы тууралуу окуңуз.
Анара Мааметова