Азыркы учурда Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Эмне үчүн эмдөөдөн өтүү керек? Вакцина кайсы учурда сайылат жана кимдер эмдөөдөн өтпөшү керектиги тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Чынара Мамбеталиева бизге маек курду.
— Учурда өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөөнүн экинчи этабы жүрүп жаткан экен. Эмдөөдөн кимдер өтүп жатат?
— Азыркы учурда Кыргызстандын бардык райондорунда гриппке каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Биздин мамлекетке келген вакцинанын аталышы гриппол. Бул Россия Федерациясынан чыккан вакцина. Биринчи этап менен Кыргызстанга 119 643 доза келген. Булар менен эмдөө иштери жүргүзүлүп бүттү. Экинчи этап менен дагы 150 миңдей вакцина келди. Ал жер – жерлерге таркатылып, 3-4 күндөн бери эмдөө иштери жүрүп жатат. Келип түшкөн вакцина биринчи кезекте элдин аярлуу катмарына жана тобокел тобуна жасалууда. Бул беш жашка чейинки балдар, өнөкөт оорусу бар адамдар, жашы 65тен жогоркулар, медициналык кызматкерлер, карылар үйүндө жашагандар, балдар үйүндө тарбиялангандар жана кош бойлууларга акысыз түрдө сайылат. Анткени, бул республикалык бюджет эсебинен алынып келинет.
— Вакцинациянын мааниси эмнеде? Аны эмне үчүн алуу керек?
— Вакцинанын пайдалуу жактары оорунун оор формалары болбойт. Илдеттин өтүшүп кетишин алдын алат. Өлүмгө дуушар болгон учурларды кыскартат. Вакцина – бул илимий жактан тастыкталган жана ал бүткүл дүйнөдө сайылат. 50 жылдан ашык убакыттан бери вакцина сайылып келет. Мисалы, Россия Федерациясында эмдөө календары киргизилген. (календарь прививки) Мунун эффективдүүлүгү абдан чоң. Кыргызстанга дагы жылда 2-3% жеткендей гана вакцина келчү. Бул жылы болсо, андан көбүрөөк өлчөмдө келип жатат. Учурда жогоруда айткандай, 1-2 этапты сайып бүттүк. 3-этап дагы келет.
— Эмдөө кайсы учурда жүргүзүлөт?
— Гриппке каршы сайылып жаткан вакцина негизи, эпидемиологиялык мезгил башталганга чейин сайылышы керек. Вакцинаны сайгандан баштап, организм иммунитет иштеп чыкканга чейин бери дегенде 2 жумадан ашык убакыт керек болот. Ошондуктан, аны грипптин өсүшү көбөйгөн мезгилге чейин сайып бүтүү зарыл.
— Вакцинаны кайсы учурда алганга болбойт?
— Вакцинаны дагы сайбай турган учурлар болот. Анткени, вакцина тоок эмбрионунда өстүрүлөт. Ошондуктан, аны жумуртка аллергиясы бар адамдарга сайганга болбойт. Эгер ушуга чейин, балким былтыр же мурдагы жылдары вакцина алып, ага аллергиялык реакциясы болгон болсо, андай адамдарга сайганга болбойт. Мындан тышкары, вакцина жүрүп жатканда дене табы көтөрүлүп, вирустук инфекциянын белгилери болгон учурда ал адам айыкканга чейин тыныгуу болот дагы, айыккандан кийин сая берсе болот. Башка учурларда өзгөчө деле эмдөөгө каршы келген көрсөтмөлөр жок. 6 айдан жогору болгон бардык жаш курактагы адамдарга сайылат.
— Эмдөөдөн баш тарткан жарандар да кездешип келет. Көпчүлүк учурда эмне себептен баш тартышат?
— Эл арасында вакцинанын бизге кереги жок эле, ошол вакцинаны алгандан кийин ооруп калдым деген пикирлер айтылат. Бирок, бул вакциналар адамды сасык тумоонун оор формаларынан сактайт. Ал эми сасык тумоонун өтүшүп кетиши пневмонияга алып келет. Мына, биз коронавирус илдети дагы өчүшүп кеткенде пневмонияга алып келээрин көрдүк. Сасык тумоого каршы эмдөө албаган жагдайда оорунун татаал формалары кездешип, өлүмгө да дуушар болгон учурлар кездешет.
— Ал кайсы жерге сайылат? Кандай түрлөрү бар?
— Кыргызстанда сайылып жаткан вакцина жогоруда айткандай Россияныкы, бир дозалуу. Ал шприц ручка түрүндө даяр келет. Аны ачып туруп эле, колдун жогору жагындагы булчуң эттерине сайылат.
— Вакцина сайылгандан кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот?
— Оорутпайт деле. Болгону, организм вакцинага бир аз реакция бериши мүмкүн. Ошондо сайган жер кичине кызарышы же жалпы реакция болгондо бир аз убакыт шалдырашы мүмкүн. Бул боло турган эле кадимки көрүнүштөр. Вакцинаны алгандан кийин организмде кусуу, ич өтүү сыяктуу олутту өзгөрүүлөр болбойт.
— Эмдөөдөн өтсө эле гриппке чалдыкпайт деген кепилдик барбы?
— Жок, андай болбойт. Себеби дегенде, биз колдонуп жаткан гриппол плюс деген вакцина бул сасык тумоого гана каршы. Ал эми андан башка жаратылышта өткүр курч респиратордук вирустук инфекциялардын 200дөн ашык козгогучтары бар. Мисал үчүн бул вакцина адамды грипптин оор формаларынан сактайт десек, бирок адам сасык тумоо менен эмес, башка вирус менен ооруп калышы мүмкүн. Эл арасында азыр жаңылыш түшүнүк пайда болууда. Бул вакцина коронавирустуку деп ойлоп жатышат. Жок, бул грипптин гана эмдөөсү. Коронавируска каршы жасалуучу вакцина азыр жасалып чыга элек. Россиянын берип жаткан маалыматына караганда, алар “Спутник 5” деген вакцинаны иштеп чыгышып, изилдөөлөрдү өткөрдү. Эми ал 3-этапта клиникалык байкоолордон өтүп жатат. Эгер ал бардык байкоолордон ийгиликтүү өтүп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бизге сунуштаса, ошондо гана аны алып сайганга болот. Буюрса, азыр вакциналар иштелип чыгып жатат. 2021-жылы вакциналар келсе, бизде дагы эмдөө иштери жүргүзүлөт.
— Акысыз вакцинаны калктын 13% гана жетиштүү экен. Калктын тобокел катмарына кирбеген жарандар кантип эмдөөдөн өтсө болот?
— Социалдык группага же өнөкөт оорулары бар адамдардын тобуна кирбеген жарандар акча төлөө жолу менен жеке менчик медициналык борборлордон эмдөөдөн өтсө болот. Бүгүнкү күндө ал ар бир облустта жеткиликтүү.
— Сасык тумоону алдын алуунун башка альтернативасы барбы?
Алдын алуу жолдорунун эң эффективдүүсү гриппке каршы эмдөө. Андан башка көптөн бери эле айтылып келе жаткан беткаптарды кийүү. Беткапты сөзсүз кийүү керек. Өзгөчө көп адамдар катталган жерлерде, коомдук транспорттодо жана оорунун белгилери болгон учурда сөзсүз тагынуу керек. Эгер беткап нымдалышып кетсе, аны эки саатта бир алмаштыруу керек. Мындан тышкары, социалдык аралыкты сактоо зарыл. Т.а бир адам менен экинчи адамдын ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык болушу керек. Себеби, адам сүйлөгөндө, чүчкүргөндө ошончо жерге вирус учуп барат. Мындан тышкары, колдун гигиенасына маани берүү керек. Колду самындап жуу зарыл. Эгер кол жууганга мүмкүнчүлүк жок болуп калган учурда, дарыканаларда жетиштүү деңгээлде антисептиктер сатылып жатат. Учурда беткаптар деле анчалык кымбат болбой, дарыканаларда жеткиликтүү. Оору пайда болсо, ага көп каражат талап кылынат. Ал эми алдын алсак, көп чыгым болбой, саламат болобуз.
Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Тесттен өтүңүз
Пандемия: Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө
Касиет Кубанычбек кызы