Кыргызстанда пандемияга байланыштуу билим берүү тармагы аралыктан окутуу формасына өткөнүнө 6 айга жакындады. Мындай окутуу мугалим, ата-эне эле эмес окуучуларга дагы учурунда бир топ ыңгайсыздык жараткан. Анткени окуучулар да аралыктан окутуу формасын биринчи жолу баштан кечирип жатышкан. Айрым үй-бүлөлөрдө шарт деле жетиштүү эмес эле. Бирок окуучулар аралыктан окуу учурунда деле ийгилик жасаса болорун далилдешти.
Муса Баетов атындагы орто мектебинин директору Сүйүнбек уулу Эмилбек:
“Мектеп окуучулары пандемияга карабастан ар кандай онлайн долбоорлорду жазып, тренингдерге катышып, ийгиликтерди жарата алышты. Атап айтканда ЮНИСЕФтин долбоору аркылуу социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөнүн балдарына гигиеналык каражаттар алынып берилди. Бул долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү кенештин депутаты Жыргал Жусупбекованын демилгеси зор. Мындан сырткары, мектеп парламентинин окуучулары долбоор жазып, натыйжасында мектепке таштанды салуучу челектерди орнотушту”,- дейт.
Ат-Башылык окуучу аралыктан окуп ийгиликтерге жетишти
Барчын Мамытбекова