Акталаада кайрадан күндүзгү дарылоочу жайларды уюштуруу аракеттери башталды

22 Октябрь 2020 жыл 10:15
Количество просмотров: 41

Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күндүзгү стационарларды кайрадан уюштуруу аракеттери жүрүп жатат. Учурда 303 койка даярдоо пландалып, мунун ичинен 65 койка үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, ФАПка уюштурулду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору        

Күндүзгү стационардагы койкалар

Кенже Карагулова акимдин орун басары

Ал эми 238 койка мектеп, бала бакчалардын, имараттарына жайгаштыруу алдында турат. Ак- Талаа райондук администрация башчысынын орун басары Кенже Карагулова:

“Аймактык ооруканага 66 койка госпитал уюштурулган, эгерде оору күчөп бараткан шартта кошумча Э.Карасартов мектебине 20 койка уюштурулат. Мектепке госпитал уюштурулуп калса дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй болууда. Ошондой эле, кошумча аппараттардан жана дары-дармектерден жетишпей калуу коркунучу бар. Бирок учурда дары-дарымектин бир жарым айга жеткидей запасы бар. Түз келишим менен сатып алууга тендер жарыяланып, бюджеттен каражат бөлүнгөн”,- дейт.

Дарыканаларда азырынча дары-дармек жетиштүү         

Коргонуучу атайын кийимдер

Ооруканалардагы запастагы дары-дарымектер

Борбордук мечитти дагы күндүзгү дарылоочу жай катары колдонууга жылуулук системасы иштебей тургандыгын, сметасы эсептелип, каражат табуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
Учурда пневмония оорусу менен 1 адам госпиталда дарыланууда жатса, ковид катталган жок. Ак-Талаа району боюнча эпидемиологиялык абал тынч.

Учурда аймактагы жаш балдардын саламаттыгы кандай?
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь