Карантин учурунда айыл ѳкмѳтү айыл тургундарына кандай жардамдарды кѳрсѳттү?

1 Июль 2020 жыл 9:31
Количество просмотров: 44

Ноокат районунун Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ жашаган айыл тургундарына карантин учурунда ѳкмѳт тарабынан жардамдар кѳрсѳтүлдү. Жалпысынан Кеңеш айыл аймагында 2552 кожолук жашайт анын 546 сына гуманитардык жардам берилди.

Азык-түлүктөр баштыкчаларга салынып таратылды

 

Муктаж үй-бүлөлөр ун, кесме, май түрүндө жардам алышты

Айыл тургундарына ѳкмѳт эле эмес Жогорку Кеңеш депутаттары — Алтынбек Сулайманов, Тѳрѳбай Зулпукааров, жеке демѳѳрчүлѳр — Кумар Жамал уулу, Алмаз Эргешов, Куу-Майдан айылынын жаштары, Кызыл Ай Коому жана ошондой эле атын атагысы келбеген демѳѳрчүлѳр тарабынан бир нече жардамдар кѳрсѳтүлгѳн.

Кызыл Ай коому кутуларга салынган азык-түлүктөрдү таратты

Алтынбек Сулайманов – 300литр хлор, 2000 беткап
Тѳрѳбай Зулпукааров – 52 кап ун, 130 литр май
Кумар Жамал уулу – 30 үй-бүлѳгѳ азык-түлүк пакет, плок пост мѳѳнѳтчүлѳрүнѳ коргоочу жабдыктар
Кызыл Ай Коому – 15 куту азык-түлүк.

 

Айыл тургундары

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Бексултан Ташполот уулунун билдирүүсү боюнча мамлекеттик резервден 800сомдук 217 азык-түлүк пакети, 50 килограммдык 627 кап ун таркатылган.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Бексултан Ташполот уулу

Бексултан Ташполот уулу: «Айыл башчылар менен чогуу гуманитардык жардамдарды ар бир айылга тегиз бѳлүп бергенге аракет кылдык. Жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан андан сырткары чет ѳлкѳдѳ жүргѳн жаштарыбыз тарабынан да акчалай жардам келип, алар жакыр жашаган үй-бүлѳлѳргѳ берилди»,-дейт ѳкмѳт башчы Бексултан Ташполот уулу.

Башка аймактардагы берилген гуманитардык жардамдар тууралуу окуңуз.

Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь