Айыл тургундары карантин учурунда бак- дарагына жакшы көңүл бөлүүгө мүмкүнчүлүк болду.

3 Октябрь 2020 жыл 9:49
Количество просмотров: 52

Ноокат райондук Кулатов айылынын айрым тургундары карантин убагында жумушка бара албай үй жумуштары менен алек болууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Айыл жеринде жумушсуз калууга убакыт болгон жок. Карантин жаз мезгили учурунда болгондуктан, жазгы талаа иштери, бак-дарактарды бутоо, жер тазалоо иштери менен алек болушту.

Кулатов айылынын тургуну Миңбаев Алымкул маалымат берип жаткан учуру

 

Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну Миңбаев Алымкулдун өстүргөн багынын көрүнүшү

Айыл тургундары да карантинде жумушсуз калышты:

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылынын тургуну Миңбаев Алымкулдун билдирүүсүнө караганда:

-Мен Кызыл-Кыя шаарындагы Түштүк Кызыл-Кыя Цемент  заводунда эсепчи болуп  иштеймин.Карантин башталганда таажы вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында учурдагы абалга байланыштуу  заводдун айрым жумушчуларына убактылуу иш токтотулду. Мен үйдө болуп калдым. Балдарым , келинчегим менен үйдө үй жумуштары менен алек болдук.

Келинчегим карантин учурунда төртүнчү кызымды жарык дүйнөгө алып келди:

Келинчегим төртүнчү кызымды карантин учурунда жарык дүйногө алып келди. Бирок кыйынчылык деле болгон жок. Буга чейин төрөгөн айыл тургундары жакынкы Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндо төрөшчү. Бул ирет аялымды Көк-Жар айылындагы төрөт үйүндө төрөп, чоңойтуп жатабыз.

Жаз айында карантин болгону айрым айрым айыл тургундарына пайдалуу болду:

Карантин жаз мезгилинде болгону айыл тургундарына кыйла жакшы болду. Себеби мен жылына бак дарагыма убагында кам көрө албай убагынан өтүп кетчүү. Быйылкы жылы бактарымды убагында буталып,  куртка каршы тиешелүү даары менен даарылап турдум. Мына кылган мээнетимдин кайтарымы жакшы,  алмалары аябай жакшы чоңойду.

Багбандар, дыйкандар өстүргөн продукцияларын сатууда кыйналышууда.

Бирок алманы сатуу үчун кардарлардын  саны аз болуп жатканы кабатырга салып жатат. Баасы да арзан жылдагыга салыштырмалуу.

 

 

Таңнуру Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь