Короновирус илдети таралып эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу илдеттин алдын алууга аракеттер күчөтүлүп, облустук штабдын 16-июндагы чечими менен Талас облусундагы азык түлүк саткан дүкөндөр, кафе-ресторан, ашкана жана тез тамактануучу жайлар түнкү саат 22.00го чейин гана иштейт.
Белгиленген сааттан кийин ишин уланта берген ишкерлердин иши токтоосуз жабылат. Ал эми Талас шаарындагы борбордук Талас базарына ар аптанын дүйшөмбү-шейшемби күндөрү санитардык күн деп жарыяланган.
Бул жагдай орто жана чакан ишканалардын ишин солгундатып, жаңыдан бутуна туруп келаткан жеке ишкерлерге кыйынчылык жаратууда.
— Талас базарын эки күнгө жаап жатышпайбы. Эми биздин базар анчалык деле чоң эмес да эки күнгө чейин дезинфекция жасала тургандай. Көрүп жатабыз дезинфекциялоо иши түшкө чейин эле бүтүп калат экен. ошондуктан санитардык күн дүйшөмбү күнү эле болсо калган күндөрү ишкердигибизди уланта берсек. Анткени базарда иштегендердин көпчүлүгү мага окшоп кредит алып иштегендер, дейт “Айыл көмөк” Талас базарында иштеген жеке ишкер Роза Исаева.
— Негизи базардагыларга кыйын эле болуп калды. Өзгөчө жер-жемиш, жашылча саткандарга оор. Анткени кийим-кечек илинип тура берет экен, азык-түлүктөр дүкөндордүн ичинде сакталат экен. Жашылча, жемиштер болсо көпкө чыдабай, бат эле бузулуп кетет. Муздаткычтарга салып эптеп сактоого аракет кылып жатабыз, бирок муздаткычтан деле жемиштер тоңуп баштагыдай болбой калат. Ошондуктан дүйшөмбү күнү мейли базарды тазалашсын, бирок экинчи күндөн баштап иштегенге уруксат беришсе жакшы болмок,- деген оюн билдирди базардын мөмө-жемиш, жашылча саткан бөлүгүндө иштеген Акмарал Кушайынова.
-Базардын иштеп турганы бизге жакшы, анткени биз соцтөлөмдөрдү, салыкты төлөйбүз. Үч ай карантин болду, базар жабылды. Жазгы жумуштарга карап темир тезек, унаалардын тетик бурамаларын саткандарды иштеткенбиз. Азыр дагы бүгүнкү кырдаалга карата аракет жасап, элдин саламаттыгын ойлоп эки күндү санитардык күн деп дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат, деп маалымат берди “Айыл көмөк” базарынын жетекчиси Саткыналы Райымбердиев.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү узундугу 1 километрден ашкан базарды “Айыл көмөк” базарынын кызматкерлери, өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте санэпид-көзөмөл борборунун адистеринин айтканындай кылып 10 литр сууга 300 грамм хлор аралашмасын кошуп чачып чыгышат. Ал эми базардын тегерек четине, жолдорго чейин өрт өчүрүүчү машиналар эритмени чачат.
— Абалга жараша коронавирус илдетинин алдын алуу иш чаралары иштелип чыккан. Мэрияда түзүлгөн комиссия менен рейддерди жүргүзүп жатабыз, саат түнкү 22.00го чейин гана иштегенге уруксат. Эгерде биз тараптан коюлган талапты орундатпай ишкердигин уланткандар болсо токтоосуз иши жабылат,- дейт Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Жээнбеков.
-Пандемия шартына байланыштуу баардык дүкөндөр, тамактануучу жайлар, компьютердик кызмат көрсөтүү борборлоруна 22.00дон баштап иштөөгө уруксат жок. Эпидемиологиялык кооптуулук күчөп турган маалда бардык санитардык нормалар катуу тартипте сакталышы зарыл. Бул боюнча катуу талаптарды коюп жатабыз. Элди тейлеп жаткан дүкөндөр, тез тамактануучу жайлар, кафе-ресторандарда иштегендер сөзсүз түрдө бет кап тагынып, колдорун бат-бат жууп, антисептик каражаттарын байма-бай колдонуулары зарыл. Ошондой эле тамактануучу жайларда, компьютердик кызмат көрсөтүү борборлорунда санитайзерлер коюлушу керек жана соцаралык сакталышын көзөмөлдөө кажет, деди рейдге катышкан Талас облустук Санитардык эпидемиологиялык жана жугуштуу оорулардын алдын алууну көзөмөлдөө борборунун санитардык врачынын жардамчысы Таалай Өскөнбаев.
Медалдын эки бет бар сыяктуу, мэриянын бул чечими кооптуулуктун алдын алганы менен күнү-түнү дүкөн иштеткендерге, жарым түнгө чейин элди тейлеген ресторан-кафе жана жаштар көп каттаган тез тамактануучу жайлардын кирешесин азайтып жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Оорунун алдын алууга иш чаралар жасалып, коопсуздукту сактоого аракеттер көрүлүп жатат. Бирок, ишкерлик солгундап, жакынкы күндөрдө майда ишканалар жабылып, салык төлөөчүлөрдүн да саны кыскарары бышык.
Короновирус илдетинин кесепети тийип жумушсуз калган тургундар
Мира Сейдикеримова