Ак-Талаада жаштар кыйын кырдаалда четте калган жок

11 Июль 2020 жыл 8:28
Количество просмотров: 61

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаштар элге оор кырдаал жаралгандан баштап “Биримдикте жеңебиз” деген ураандын алдына биригишип, “Ак-Талаа районуна медициналык жардам” акциясын башташкан. Атайын жардам үчүн банктык эсеп ачылып, бүгүн эл которгон каражаттардын эсебинен бир кычкылтек концентраторуна буйрутма берилген. Ошондой эле, райондук ооруканага 9 миң сомго биодаараткана алып беришкен.

“Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубаныч Баялиев

“Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубаныч Баялиев: “Карапайым элден айланса болот. Күндүзгү дарылануучу жайга күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды алып бердик. Ал эми атын атагысы келбеген жарандар районго 4 кычкылтек концентраторуна буйрутма беришти. Буюрса жакын арада келип калат”,- дейт.

Ошондой эле, күндүзгү дарылоо жайында оорулуу бейтаптарга тамчылатма дарыларды коюу үчүн штатив жетишсиз болгондуктан, бул маселени чечүүнү дагы колго алышкан. Баетов айылынын тургуну Тимур Токторбеков 24 даана штатив жасады. Сыры кургап, даяр болгондо жеткирип беришет.

Тимур Токторбеков штатив жасоо учуру

 

Атайын тамчылатма ийне үчүн колго жасалган штативдер

 

Ал эми Баетов айылында жаңы ачылган «Эки дос» ашканасы дарыгерлерге бир маал ысык тамак даярдап берип жатышат. Ашпозчу Мирбектин айтымында азыр дарыгерлерди ар тараптан колдоо зарыл.

Солдон оңго «Эки дос» ашканасынын ашпозчулары Айбек Мурсалиев жана Мирбек Доктуралиев (ортодо) Кубаныч Баялиев

 

Дарыгерлер үчүн даярдалган тамак-аш

 

Сүрөтбаян: Ак-Талаага келген алгачкы жардамдар
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь