Суусамыр айылдык ооруканасына 4 кычкылтек концентратору келди

15 Июль 2020 жыл 21:27
Количество просмотров: 100

Бүгүн 15-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан 2 кычкылтек концентратору жана Суусамырдын уулдары Чыныбаев Чынасыл жана Аземов Абай тарабынан 2 кычкылтек концентратору, СИЗ костюмдары, пульсоксиметрлер жана башка дарыгерлерге алгачкы керектүү жабдыктар тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан келген 2 кычкылтек концентратору

 

Суусамырдын уулдары Чынасыл Чыныбаев жана Абай Аземов 2 кычкылтек концентраторун, СИЗ коргоочу костюмдарын, пульсоксиметр жана башка жабдыктарды тапшырышты

 

Абай Аземов туулуп-өскөн жерибизге колдоо көрсөтүү-бул биздин жараандык милдетибиз деди:


“Бул демилгени агам Суусамыр айылынын кулуну Чынасыл Чыныбаев өзүбүздүн туулуп өскөн жерибизге биринчиден жардам берели деп сүйлошкөнбүз. Биринчиден биздин дарыгерлерди сактап калбасак, бул ооруну жеңиш кыйын болот. Дарыгерлердин ден соолугу чың болуп турсун, ушул кишилер элибизди сактап жатат. Бүгүнкү күндүн баатыр кишилери ушулар, аман болушсун. Мен өзүм ушул ооруканада төрөлгөм, биринчиден киндик каныбыз тамган жерге келип көмөк көрсөткөнүбүз биздин атуулдук милдетибиз. Эң негизгиси кыргыз элибиз аман болсун, бул илдеттин жеңилинен берсин, ушул оорудан аман-эсен чыгып кетели.”

Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын жетекчиси Арзымат Шейшеев Тынчтыкбек Конушбаевдин жана Чынасыл Чыныбаев, Абай Аземовдун жардамдарын кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди:


“Бардык медкызматкерлердин атынан ыраазычылык айта кетейин. Элибиздин саламаттыгына кайдыгер карабай, тургундардын жана ооруканада иштеген медкызматкерлердин ден соолугуна кам көрүп, эң керектүү жабдыктарды белек кылып жатасыздар сиздерге ыраазычылык билдирем, оорубаңыздар, ден соолукта болуңуздар жалпы элибиз аман болсун!”

Мындан он күн мурда Суусамыр айылдык ооруканасына кычкылтек концентратору керек экендиги айтылып, ар тараптуу каражат чогултуулар башталган. Буга чейин айыл элинин жардамы менен 1 кычкылтек концентратору алынып келинген.

 

Элизат Санжырбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь