Жергиликтүү бийлик вирусту жуктуруп алган бейтаптарга канчалык деңгээлде шарттарды карап жатат?

15 Июль 2020 жыл 21:46
Количество просмотров: 86

Кулатов айыл аймагында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар үчүн күндүзгү келип кетүүчү стационардык оорукана уюштурулуп берилди. Жалпы 50 орундуу койкалар коюлуп бардык шарттар каралган.

Кулатов айыл өкмөтүнүндөгү Бөкөнбаев айылындагы Айдар Жунусов атындагы спорт залдын имараты пайдаланууга берилди. Учурда ден- соолугу начарлаган жарандар кайрылып тиешелүү жардамдарды алып жатышат.

Кулатов айыл аймагындагы Күндүзү келип кетүүчү стационардык оорукананын жалпы көрүнүшү

 

Кулатов айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адиси Бөйдөнов Сапар Туратович

Кулатов айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Бөйдөнов Сапар Туратовичтин берген маалыматына карай:

«COVID-19 вирусунун күндөн-күнгө көбөйүп кырдаал оорлошконуна жана райондук оорукана алыс болгондугуна байланыштуу айыл аймак ичиндеги Айдар Жунусов атындагы спорт залды пайдаланууга алдык. Спорт залды краскалап даярдоого жалпы 10 000(он миң) сомдук каражат короттук. Имараттын ичине 50 орундуу жай даярдадык. Негизинен кыска мөөнөттүн ичинде 20 даана  койка 64000 (алтымыш төрт миң) сомдук  калгандарын даярдатуу кыйын болгондугуна байланыштуу айрым кроваттарды жакын жашаган жашоочулардан алдырдык. 25 даана идиш аяк салуу үчүн тумбочкалар алынып келинди. Учурда матрас, жабынчы, ак шейшептери үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 92500(токсон эки миң беш жүз) сомдук даяр шейшептерди  алдырдык. Медицина кызматкерлер үчүн 240000 (эки жүз кырк миң) сомдук  коргонуучу кийи кечектер, 100(жүз) даана респератор, 2000 (эки миң) даана бет кап, 50 (элүү) литр антисептик, көп жолу колдонуучу 100 (жүз)даана жана бир жолу колдонуучу 100(жүз) даана коргоочу көз айнектер, 2500 (эки миң беш жүз) сомдук жуучу каражаттар, 25 (жыйырма беш) даана  таштанды салуучу челектерди коюп,  оорулуулар күндүзү келип кетип даарылануу үчүн шарт түзүп койдук. Учурда оорулуулардын саны өсүп кайрылгандар көбөйүп жатат. Төрт медицина кызматкери иштеп жатат. Бир дарыгер, үч мед айым. Бул медицина кызматкерлери 14 күн күнү, түнү кезекте турушат үйлөрүнө кетпейт. 14 күн өткөндөн соң обсервацияга алынат. Дарыгерлерди эки маал ыссык тамак менен айыл өкмөтү каржылап жатат. Дарыгерлердин жатак бөлмөлөрү да талапка жооп бере тургандай даярдалган. Оорулуулар үчүн да санитардык гигиеналарды сактоо үчун тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Учурда 4 (төрт) даана жасалма дем алдыруучу 75000(жетимиш миң) сомдук концетраторго айыл өкмөт тендир жарыялады. 1 000100 (бир млн жүз миң) сомдук заман бап тез жардам машинасын алуу үчун да тендир жарыяладык. Буйруса бул иштер ишке ашса оорулууларга жардам берүү кыйла жакшырат деген үмүттөбүз»,- деп билдирди.

Медицина кызматкерлери иш учрунда

 

Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь