Талас облусундагы эпидемиологиялык абал курчуп, бүгүн 16-июлга карата облус боюнча 8 жаңы учур катталып, жалпы короновирус илдетинен жабыркагандардын саны 100дөн ашты.
Учурда облус боюнча күндүзгү стационарларда 650 койка коюлган, ошондой эле 235 кошумча керебеттер облустук, райондук ооруканаларда бейтаптарды кабыл алып жатат. Кара-Буура районундагы Бакыян айылындагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл өкмөт башчысы Нургазы Асылбеков айыл аймагынын бюджетинин эсебинен 45000 сомго 10 керебет, медициналык дезинфекциялык каражаттарды, коргонуучу кийим, бет кап жана желим кол каптарды сатып берип, өзүнүн иш кабинетин күндүзгү стационар катары пайдаланууга бошотуп берди. Учурда бул күндүзгү стационарда 6 керебет коюлуп, ооруп кайрылган бейтаптарды жергиликтүү ак халатчандар дарылашууда. Айылдык ФАПтын ичи абдан тар болгондуктан эки бөлмөсүнө экиден гана керебет батып, 4 койка ФАПка коюлду.
Медиктер таңкы саат 7.30да жумушка келишет. 8.00дон тарта бейтаптарды кабыл ала башташат.
— Мен айылдагы бала бакчада медайым болуп иштейм. Учурдагы оор кырдаалда күндүзгү стационарга иштегиле деп айыл өкмөт башчысы ишке чакырды. Күнүнө 25-30 адам күндүзгү стационарга кайрылат, врач көрүп дарыларды жазып берет, ийне саябыз, капельница коёбуз. Бүгүнкү күндө элди тейлеп 6 медайым 1 врач иштеп жатабыз. Элдер көп кайрылып жатышат, кечки 17.30дарда ишибизди аяктайбыз, -дейт мында иштеген медайымдардын бири Гүлзат Абдырахманова.
Эл арасында курч кармаган өпкө кагын илдети күчөп, бейтаптардын өмүрүн сактап калууга кычкылтек концентраторлору абдан керектелип жаткан учур. “Бакыян ынтымагы” уюмунун жетекчиси Мирлан Назарбеков жердештеринин саламаттыгына кам көрүп, кычкылтек концентраторун сатып берген, стационардын кем-карчына жумшалсын деп 10000 сом берип, 9100 сомго керектүү дары-дармектер менен камсыздаган.
— Бакыян айлында 4000ден ашуун калк жашайт. Тумоолоп, өпкөсүнөн сезгенип кайрылгандар көбөйүп, ФАПта иштеген медиктер жетишпей жаткандыктан бакчада иштеген медайымды дагы ишке чакыртып алдык. 2 медайым Кара-Буурадан келип иштеп жатышат. Анткени бизде медиктер аз, үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 врач эки медайым эмгектенет. Азыркы учурда медиктердин эмгеги алтынга тете болуп, элибизге абдан керек болуп турган учур. Кошумча жумушка тартылган ак халатчандардын айлык акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп беребиз. Эң негизгиси бул дарттан аман-эсен кутулуп, элибиз аман болсун, — дейт Бакыян айыл аймагынын башчысы Нургазы Асылбеков.
Коронавирус илдетинин кесепети тийип жумушсуз калган тургундар
Мира Сейдикеримова