Тогуз-Торо райондук администрациясынын алдындагы демилгеси менен уюштурулган, кайрымдуулуктун алкагында жана атын атагысы келбеген жарандын атынан райондук ооруканага, 1 жасалма дем алдыруучу аппарат дарыгерлерге түшкү ысык тамагы менен берилди.
Андан тышкары, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн 1 бөлмөсүн оңдоп түзөө иштерин Тогуз-Торо Жаштар Кеңеши өз мойнуна алды.
Бул тууралуу Тогуз-Торо жаштар кеңешинин төрагасы Тынчтык Таалайбеков билдирди.
Мындан тышкары, Тогуз-Торо райондук ооруканага ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатат.
Анара Мааметова