Карантин учурунда жеке ишкерлер жардам колун сунду

6 Сентябрь 2020 жыл 20:02
Количество просмотров: 157

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну Кулматов Абдиллпатта ажы Кызыл-Кыя шаарындагы «Динама» тигүү мекемесинин директору өзгөчө абал учурунда мектеп окуучуларын комплект окуу формасы менен камсыз кылды. Формаларды жеке мектеп жамаатына тапшырып кетти. 

Демөөрчү Кулматов Абдиллпатта ажы

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну Кулматов Абдиллпатта ажынын билдирүүсүнө караганда:

«1976- жылы Жал совхозундагы В.И Ленин атындагы азыркы Айбашев мектебин бүтүрүп, советтик армияда кызмат кылгам. Андан соң ички иштер министрлигине кызматка кирип, Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүргөм.

Андан кийин Ленинизм-Марксизм университетин сырттан окуп, учурда 3 баланын атасымын, персеналдуу пенсионермин.

Бир нече сыйлыктардын ээсимин, президенттин ардак грамотасы менен, жеңил өнөр жайынын мыктысы наамдарынын ээсимин.

МВД нын эмгек отличниги, КР нын жеңил өнөр жайына эмгек сиңирген ишкеримин.

Элибиздин башына түшкөн оор кырдаалда социалдык абалы оор үй-бүлө балдарына жардам берүүнү чечтим. Мектеп окуучуларына мектеп формасын өзүмдүн «Динама» тигүү цехимде тиктирип, жардамга муктаж үй-бүлө балдарына тапшырдым.»

Мектеп жамааты демөөрчү Кулматов Абдиллпатта ажы Калмурзаевич менен бирге

Окуучулар ушундай мектеп формасы менен камсыз болду

Т Айбашев атындагы орто мектебинин соц педагогу Кожоева Асылкандын билдирүүсүнө караганда:

Айбашев атындагы орто мектебинин соц педагогу Асылкан Кожоева»Жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жеке ишкер Кулматов Абдиллпатта ажынын балдар үчүн тиктирилип берилген формаларын жалпы 45 окуучуга берилди. Алардын ичинен 24 даана комплект формалар кыз балдар үчүн, 19 даана уул балдар үчүн, 22 даана кыз балдар үчүн ак кофталар, 21 даана уул балдар үчүн ак көйнөктөр таркатылды. Мектеп жамааты жана ата-энелер демөөрчүгө терең ыраазычылык билдиришти».

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти
 

Таңнуру Жалалова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь