“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү аталган коомдук бирикменин төрайымы Кишимжан Таштакеева, экс-губернатор Койсун Курманалиева, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Арзыкан Момунтаева, коомдук ишмер Мурат Шамил, журналист Козубек Иманкулов, баатыр эне Жамила Токсонова, журналист Мира Сейдикеримова демилге көтөрүп, учурда ооруканаларга өтө керектүү болуп жаткан 10 даана штатифти Ч.Мамбетов атындагы облустук оорукананын жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмүнө тапшырышты.
— Бүгүнкү күндө облустук ооруканада 140 бейтап дарыланып жатат. Мурун штативдер жетиштүү болсо, бейтаптар көбөйгөнүнө байланыштуу штатив дагы көп керектелип жатат. Элден айлансак болот, ушундай демилгелерди көтөрүп, дары-дармек, пульсоксиметр, кычкылтек концентратору, коргонуучу кийимдер, каражаттарды ооруканаларга жардамга беришип, медиктердин ысык тамагына чейин уюштуруп жатышат. Мына азыр бул штативдер облустук ооруканага жөнөтүлөт, сиздерге чоң рахмат, ылайым оорубаңыздар, ден соолукта болуңуздар, — деп Талас облустук медицина борборунун директору Айжамал Шамбетова ыраазычылык билдирди.
Штативдерди “Тез жардам” унаасы менен Талас облустук биргелешкен ооруканасынын мээрмандык иштер боюнча директорунун орун басары Арзыкан Осмонова алып кетти.
Ошондой эле “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Талды-Булак карантиндик постунда иштегендерге бир күндүк ысык тамак-аш даярдап берип жиберишти.
Аталган коомдук бирикменин активдүү мүчөлөрү учурдагы эпидемиологиялык курч абалда ооруканаларга, стационарларга жардам бергиси келген коомдук уюмдарды, фонддорду, демилгелүү топторду, Апрель революциясынын катышуучуларын жана башка кайрымдуулук көрсөткүсү келген жарандарды биргелешип көмөктөшүүгө чакырып, ЭЛСОМ эсебин ачты.
Мира Сейдикеримова