Кочкор районунун Чолпон айылындагы күндүзгү бөлүмгө 2 кычкылтек концентратору белекке берилди.
Айылдын ГСВ филиалына 8-июль күнү убактылуу күндүзгү бөлүм ачылган. Күндүзгү бөлүмгө айылдын 79-жылкы тургундары демөөрчүлүк кылып, 2 кычкылтек концентраторун алып беришти.
Кычкылтек концентратору
Күндүзгү бөлүмгө келген жардамдарды тапшыруу учурунда
Кычкылтек концентраторунан тышкары, кошумча дары-дармектер берилди
Башкы дарыгер Токжан Асанбаева жана 79-жылкы айылдын тургундары
Буга чейин Чолпон айылдык ФАПка айылдык демөөрчүлөр тарабынан 1кычкылтек концентратору келгени тууралуу айтылган.
Буга чейин Кочкор районуна кычкылтек концентраторун алуу үчүн ыктыярчылар акча чогултууну башташкан.
Перизат Таштанова