Ак-Талаада алдыңкы окуучулар жана сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

27 Июль 2020 жыл 20:11
Количество просмотров: 86

Ак-Талаа районунда окуу жылын эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган, “Алтын тамга” аттестатынын ээлери, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды камсыз кылышкан окуучуларга жана аралыктан өткөн ар кандай республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова, райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана ата-энелер катышты.

Кенже Карагулова Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Каныбек Эсеналиев райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

Сыйлоо аземине келген окуучулар, ата-энелер

Сезим Алмазбекова 218 балл алса, Арууке Алмазбекова орус тили сабагы боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду камсыз кылып,  КРнын Президентинин Алкыш баракчасы тапшырылды.

Арууке Жанбекова С. Жусупбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү, республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү (оңдон биринчи)

 

Солдон оңго К.Эсеналиев Ак-Талаа РБББнүн башчысы, Эрнар Нурланбеков республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү К.Карагулова Ак-Талаа райакиминин орун басары, К.Баялиев «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучу Эрнар Нурланбеков дагы орус тили сабагы боюнча жеңүүчү болгон. Ал эми Эмир Жеңишбеков жана Наима Бакыт кызы  (Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары)  республикалык “Атам, апам жана мен” китеп окуу сынагында байгелүү орундарды камсыз кылып, уюштуруучулардын диплом жана акчалай сыйлыктарына ээ болушту.

Эмир Жеңишбеков «Атам, апам жана мен» республикалык сынагынын жеңүүчүсү

Наима Бакыт кызы «Атам, апам жана мен» республикалык сынагынын жеңүүүсү

 

Нургүл Макелеева Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Нургул Макелееванын айтымында мугалимдер окуучуларды республикалык олимпиадага кырдаалга байланыштуу аралыктан даярдашты. Ар кандай методикалык жардамдарды беришти.
Ал эми Сайкал Качыкеева: “ Бул сынактын жобосу 4-чейректе карантин маалында келди. Сынакка уулум Эмир менен чогуу видео даярдап кетиргенбиз. Жобого ылайык өзүбүз каалаган эле бир чыгарманы окуп, эссе жазып, андан соң 3 минуттук видеоролик даярдадык. Жыйынтыгында жеңүүчү болгонбуз. Сертификаттары кырдаалга байланыштуу эми алдык” дейт.

Салтанатта  мыкты окуучулардын ата-энелерине дагы ыраазычылык кат тапшырылды.

Ак-Талаада бүтүрүүчүлөр республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алышты
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь