Суусамыр айыл аймагынын кайдыгер эмес инсандары жана жамааттар, жергиликтүү кеңеш, такси айдоочулар, 1992-жылы төрөлгөн жигиттер, Жаштар уюму жана жеке инсандардын чогулткан акчасына дары-дармектер алынып, бүгүнкү күндө айыл элине борбордон алынган баада элге берилип жатат.
Бул ишке жергиликтүү кеңештин депутаты Рахат Абдысатар уулун анын дарыгерлик кесибин эске алуу менен жоопкерчиликтүү кылып дайындашкан.
“Биз айыл өкмөтү, депутаттар жана башка дагы жамаат, активистер менен ич-ара баарлашып, ооруканага концентратор жана башка жабдыктар жетиштүү эле алынып келинди, биз дары-дармек алып келели деген чечимге келгенбиз. Өз баасында беоели дегенибиздин себеби, ооругандар күн санап өсүп жатат, дарыны бир жолу бекер таратып жиберип, башкаларга жетпей калат деп ойлодук. Анан ооругандар айла жок шаардан барып 2-3 эсе кымбат алышат. Биз складдан алган баа менен муктаждарга сатып. Кийин чогулган акчага кайра ооруканага керектүү жабдык алалы деген жыйынтыкка келдик.”
Рахат Абдысатар уулуна Айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери дарыларды сатууда жардам көрсөтүшүүдө. Анда иштеген кызматкерлердин медициналык билими бар болгондуктан көмөк көрсөтүү үчүн дайындалышкан. Муну Суусамыр айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова ырастады:
“Биздин кызматкерлер азыркы учурда өрөөндүн 5 айылында жергиликтүү ФАПтарда дарыларды сатышууда. Өз баасында сатылып жатат. Эч кандай акча кошуу болбойт, күн сайын отчет берилип турат. Айыл эли дарыны акчага болсо да бирок арзан баада алып сакайып кетишсе деген ой. Антпесе, өздөрү жеке барып шаардагы дарыканалардан алса кымбат сатышууда. Туура түшүнүүгө чакырабыз!”
Суусамыр: Жардам көрсөткөндөр күндөн- күнгө көбөйүүдө
Элизат Санжырбек кызы