Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

1 Август 2020 жыл 13:50
Количество просмотров: 117

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

 

Кулатов айыл аймагындагы COVID-19 вирусу акырындык менен жетип келип, оору менен кайрылгандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу дары дармектин жетишсиздигинен улам кыйынчылыка дуушар болушуп, элдерге кайрылуу жасаган. Демөөрчүлөрдүн демилгеси менен 1981-жылы туулган мурунку В.И. Ленин азыркы (Т.Айбашев) атындагы орто мектебинин 1998-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрү уюшуп, тездик менен акча жыйнап, атайын элден түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырышты.  Акча ооруканага медициналык жабдыктар (УЗИ, рентген, анализатор) алуу үчүн салым деп 116 миң 640 сом тапшырып кетишти.

Оорукананын башкы дарыгери Абдуллаев Азим жана оорукананын эмгек жамааты, жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирди. Уюштуруучулар акча жыйноо өтө уюшкандыкта тездик менен акча жыйналганын билдиришти.

 

Депутат Махабат Мавлянова өз эсебинен 1 050 000сом суммасында жардам көрсөттү
Жергиликтүү бийлик вирусту жуктуруп алган бейтаптарга канчалык деңгээлде шарттарды карап жатат?
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь