Кыргызстандагы билим берүү быйыл дагы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу менен жүргүзүлүп жатат. Мектепте салттуу режимде окуп жаткандар биринчи класстын гана окуучулары. Ал эми калгандар үйдө ар кандай тиркемелер жана сыналгыдагы сабактар менен окуп жатышат. Мындай окутуу окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн да бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда.
Ак-Талаа райондук мамалекеттик архивинин башчысы Самат Жанболотов аралыктан окутууда кайрадан мектепке баргансып жатабыз. Бирок эң негизгиси ата-эне менен баланын мамилеси калыптанды дейт.
“Азыркы кырдаалга байланыштуу балдардын ден-соолугу биринчи орунда турат жана убактылуу кыйынчылыкка чыдаш керек. Мугалимдер колдон келишинче сабак өтүп, балдарга билимин берип жатышат. Башка ата-энелерди билбейм. Биз кайрадан мектепке барып жаткандай болуп жатабыз. Эн негизги натыйжа бул балдар менен ата-энелердин ортосунда мамиле калыптанды. Ооба аралыктан окутууда кыйынчылыктар болуп турат. Телефондон сабакты түшүндүрүү кыска. Ата-эне көзөмөл кылгандыктан, түшүнүп жооп бергиче эле убакыт бүтүп калып жатат. Дагы бир кыйынчылык аралыктан окутуу ишибизге тоскоолдук кылат. Ишке кетейин десе баласынын сабагы калат. Баланы окутайын десе ишке барбай коюуга да болбойт”.
Бир үй-бүлөдө мектеп жашындагы 1 бала болсо, башка үй-бүлөдө 3 же андан да көп бала окушу мүмкүн. Ата-эненин каражаты бардык баланы телефон менен камсыз кылууга жетпейт. Мындай учурларда балдар кезектешип сабакка киришет же бир саатта паралелль сабактарга катышканда интернет байланышы начар болуп калышы мүмкүн экендигин Бактыгүл Баркабасова айтты.
“Аралыктан окутууда ата-энелерге бир топ кыйынчылыктар жаралды. Себеби ар бир баласына бирен телеефон алып бере албайт. Ал эми бир телефонго эки баланы сабагын кошкондо интернет байланышы тартпайт. Биз жумушка кеткенде балдарга көңүл бурулбай, сабагын көзөмөлдөй албай калат экенбиз. Иштебей коюуга болбойт. Балдарды багыш керек”.
Аралыктан окутууда жогорку класстын окуучулары сабактарга өз алдынча катышып, үй тапшырмаларын аткарганы менен башталгчы класстын окуучуларына дайыма улуулардын жардамы керек.
Мухаммед Али Батырбеков мектеп окуучусу3-класстын окуучусу Мухаммед Али Батырбеков ата-энем сабакка катышуум үчүн бирдик салып бердим, сабактарыма да жардамдашат дейт.
«Аралыктан окууга көнүп калдым. Бирок ал мага жаккан жок. Анткени сабактарды кээде түшүнбөй калам. Мындай учурда ата-энем жардам берет. Алар дайыма телефонума бирдик салып, сабактарымды көзөмөлдөшөт дейт. Мектепке барып окугум келет».
Аралыктан окутууда окуучулардын сабакка катышуусун камсыз кылуу жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайык өз убагында билим алуусу үчүн мектеп жетекчилиги да болгон аракеттерди жасап жатабыз дейт Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Бурул Элебесова.
«Окуучулардын аралыктан билим алуусу үчүн телефондор жетиштүү ал эми сыналгысы жок эки үй-бүлөгө убактылуу колдонуу үчүн мектептин сыналгыларын бердик. жардамы менен сатып бердик. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына демөөрчүлөрдүн колдоосу менен материалдык жардамдар берилди»
Албетте аралыктан окутуунун натыйжалуулугу үчүн тиешелүү бардык тараптар болгон аракеттерди көрүүдө. Бирок мектепке барып, сыр жыттанган парталарда мугалим агай-эжесинен билим алуу окуучулар, агартуучулар үчүн да жакшы жыйынтык берери айдан ачык.
Мектеп окуучулары: онлайн окуган бизге жаккан жок
Барчын Мамытбекова