Кочкор районунун Чолпон айылындагы окуучуларды аралыктан окутуу кандай өтүп жатат?

29 Сентябрь 2020 жыл 15:26
Количество просмотров: 113

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебиндеги аралыктан билим берүү кандай башталды?

Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Алдашова төмөнкүлөрдү билдирди:

Окуу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Алдашова

“Өлкөдөгү бардык башка мектептердей эле биздин Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде дагы быйылкы 2020-2021 окуу жылы аралыктан башталды. Ал эми биринчи класстын окуучулары мектепке барып, 2 тайпа болуп, эртең менен жана түшкүсүн окуп жатышат. Аралыктан окутууда мамлекет тарабынан шарттар түзүлүп, атайын телесабактар көрсөтүлүп жатат.

Андан тышкары, интернет булактарынан көргөнгө дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Окуучулардын бардыгына уюлдук телефон жетишсиз. Мисалы, бир үй-бүлөдө 4 окуучу болсо, ата-эне бардыгын камсыз кыла албайт. Кээ бир окуучулар ата-энелеринин телефондору менен сабакка катышууда. Интернет тууралуу айта турган болсом, кээде интернети жакшы кармабай же такыр эле жок болуп сабакка катыша албай калган окуучулар дагы кездешет. Ошондой эле “О” уюлдук операторунан интернетке көп гб берген “Окуучу”, “Мугалим” деген тарифтер жакшы жеңилдик көргөзөт экен”.

Айыл тургуну Жазмина Алияскарова уулунун сабагын окутуп жаткан учур

Жазмина Алияскарова:

“Үч баланын энеси болом. Үч уулум тең мектепте окушат. Чындыгында, мектепте окуганда сабактарынан анча көп маалымат алчу эмеспиз. Ал эми аралыктан окутууда өтүлгөн жаңы теманы балдарым менен чогуу отуруп окушка туура келип жатат. Көп убактым балдардын окуусуна көңүл бөлүү менен өтүүдө. Аралыктан окутуунун оң жактарын айта кетсем, мисалы, бала менен ата-эненин ортосундагы байланыш. Баланын кулк-мүнөзүн, чыдамдуулугун көрө алат экенсиң.

Ошондой эле түшүнбөй калган сабактарды кайра кайталап, интернет булактарынан көрүп алууга болот. Ал эми терс жактары, окуучу менен мугалимдин ортосундагы суроо-жооп, талкуу кенен болбой калышы толук ыктымал. Ошондой эле окуучу көп маалымат алып, сабакка активдүү катышышы үчүн көп телефон карашы керек. Негизи эле азыркы заманда телефондун адамга канчалык зыян экенин баарыбыз билебиз. Аралыктан окутууда ата-энелерге караганда мугалим көп мээнет кылат. Ар бир окуучуга телефондун артынан сабак түшүндүрүп окутуу оңойго турбайт. Аралыктан окутууда мугалимдердин эмгеги мурунку кездегиден дагы аябай бааланды.”

7-класстын окуучусу Эркеайым Туткабаева

“Менин атым Эркеайым. Мага мектепке барып окуган жагат. Менин бул оюма өзүм эле эмес, жана дагы көптөгөн окуучулар кошулат деп ойлойм. Биринчиден мектепте өтүлгөн сабактар түшүнүктүү жана жеткиликтүү. Экинчиден классташтар, достор менен чогуу окуган кызыктуураак болот.”

Байбелек Туткабаевдин сабак окуп жаткан учуру

“Менин атым Байбелек, 7-класстын окуучусумун. Аралыктан окуган мага жакты. Ошентсе деле, мектепке барып окугум келет. Классташтарымды, досторумду сагындым. Аралыктан окуганда көпчүлүк окуучулар үй тапшырмасын убагында аткара албай калат экен.”

Онлайн билим алуу үчүн керектүү ресурстарды билесизби? Тесттен өтүңүз.
 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь