Суусамыр өрөөнүнүн айылдарында 27-июндан баштап 5-июлга чейин, тактап айтканда 9 күн бою өлкөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен карантиндин бардык эрежелери сакталып «Китептер» жарманкеси болду.
Жарманкенин уюштуруучусу Усенкан уулу Айжолбек төмөнкүлөргө токтолду:
«Бизди кубандырганы айыл тургундарынын, балдардын билимге карай умтулуусу болду. Айрыкча, баламдын, кызымдын келечеги үчүн деп эң сонун китептерден тандап,балдарына алып берген ата-энелер, өнүгүүгө дилгир болгон мугалимдер сүйүндүрдү. Айыл эли, жаш жеткинчектер илим алууга, жакшы китептерге суусап турганы байкалып турду.Бир аз да болсо элдин купулуна толуучу китептерди жеткирип, өрөөнүбүзгө аз да болсо пайдабыз тийди деген үмүттөбүз».
Карантинде бардык зарыл эрежелерди сактап,
үйдөн чыкпаныз!
Кыргыз тилинде өзүңүздү өнүктүрүүчү мыкты китептер
Зыйнат Самар кызы