COVID-19: Паркта ойногон балдардын коопсуздугу корголушу керек

8 Июль 2020 жыл 18:30
Количество просмотров: 55

Талас районунун борбору болгон Көк-Ой айылындагы “Жеңиш” паркында чоңдор футбол ойногону болбосо паркта эч кандай аттракциондор жок эле. Так ушул паркта райондун ири иш-чарлары өткөрүлүп турчу. Бирок балдар үчүн аттракциондордун орнотулушу ээн жаткан паркты көрктөндүрдү.

Жылгаяктар орнотулду

Учурда паркта каникул учурун үйдө өткөрүп эригип жаткан балдар ойноп, кумарлары таркабай жаткан чагы.

— Менин эки неберем бар. Паркка барабыз, жаңы аттракциондор келиптир деп күндө бир маал барып келишет, дейт Көк-Ой айылынын тургуну Каныбек Куттубаев.

«Борбордук Азия кызматташтык уюмунун директору Калвин Лоренц келип, айыл аймак башчыларына семинар-тренинг өткөргөн. Жергетал жана Көк-Ой айыл аймактарындагы парктар алардын талаптарына туура келгендиктен, биздин айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоор колдоого алынып, 200 миң сом каражат бөлүнгөн»,- дейт бул тууралуу Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаты Шамил Мурат.

Паркта 5 түрдүү аттракциондор орнотулду

-Жакында паркка 2 муз тебүүчү оюн дөбөсү, тестиер балдарга ылайыкталган 4 кишилик селкинчек, бөбөктөргө арналган селкинчектер, ошондой эле өспүрүм балдардын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого ылайыкталган турниктер коюлуп, беш түрдүү аттракциондор коюлду. Бишкектен алынып келинген аттракциондор 40 тоннаны түзүп, айыл өкмөтү тараптан бөлүнгөн акча каражаты менен ташылып келинди. Айыл өкмөтүндө иштегендер аттракциондорду паркка орнотуп, айрымдарын сырдап да коюшту.

Чон апа неберелери менен паркта эс алууда

Бирок, учурдагы кооптуу кырдаалда балдардын ата-энелери коопсуздук эрежелерин сактоосу зарыл. Анткени коронавирус илдети күндөн күнгө көбөйүп, Таласта ооругандардын саны 35ке жетти. Илдет жуккандардын арасында 2 жашар бала бар экендиги айтылууда.

Короновирус илдетинин кесепети тийип жумушсуз калган тургундар 

Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь